Психологиялык түшүнүк катары "өзүнө ишенүү" XX кылымдын 40-жылдарында пайда болгон. Ишеним көйгөйүнө көңүл бурган биринчи адам Америкадагы бир кыйла чоң невроз клиникасынын ээси жана башкы дарыгери Андре Салтер. Ал невротикалык жактан ооругандардын жана жөнөкөй бейтаптардын көпчүлүгү (өзгөчө жүрөк-кан тамыр патологиясы барлар) тигил же бул даражада өзүнө жана келечегине ишенбөөчүлүктөн жапа чегишерин аныктаган.
Салтер бул фактыны түшүндүрүүгө аракет кылып жатып, өзүнө ишенбөөнүн себеби, дүүлүктүрүү процесстерине караганда бөгөт коюу процесстеринин басымдуу болушу, бул өз кезегинде инсандын калыптанышна тоскоолдук алып келип, адам өзүнүн сезимдерин, каалоолорун жана муктаждыктарын ачык билдирүүгө жөндөмсүз болуп, өзүн өнүктүрүүдө жана башка адамдар менен байланыш түзүүдө кыйынчылыктарды башынан өткөрөт деп божмолдогон. Өз кезегинде, Салтер дени сак инсанды (өзүнө ишенген инсанды) "эксцитатордук" (латын тилинен "excitate" - толкундануу) деп атаган. Анын көз карашы боюнча, инсандын ден соолугу сезимдерин ачык айтууда, спонтандык жана импровизациялоо жөндөмүнөн билинип турат.
Психологиялык сөздүктө мындай деп түшүндүрүлгөн: өзүнө болгон ишеним субъекттин жетишээрлик татаал маселелерди чечүүгө даярдыгы, ал эми умтулуунун деңгээли бир гана ийгиликсиздиктен корккону үчүн төмөндөбөйт. Эгерде жөндөмдүүлүктүн деңгээли керектелген аракеттен бир кыйла төмөн болсо, өзүнө болгон ишеним пайда болот.
Ишеним өзүнө, өз күчүнө, ийгилигине жана жетишкендигине болгон ишенимди камтыйт жана төмөнкү учурларда байкалат:- ишеним сезими (ички күч, туура экениңди билүү жана сезүү);
- күчтүү позициясы бар адамдарга мүнөздүү ишенимдүү жүрүм-турум, күчтүн демонстрациясы;
- чечкиндүүлүк (чечим кабыл алуудагы тайсалбастык).
Өзүнө ишенген адам өзүнүн күчүн, укугун, тууралыгын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн сезет, өзүнө ишенет, эч кандай шектенүүсү жана коркуусу жок болот.
Ошол эле учурда өспүрүм куракта коомдук пайдалуу иш-аракеттерге катышуу, курдаштары менен баарлашуу сыяктуу аракеттер алдыңкы орунга чыга баштайт.