● Эмне үчүн ата-энелер өспүрүмдөр менен жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар жөнүндө сүйлөшүшү керек?
Мартыненконун айтымында, орточо эсеп менен 15 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн 1,5%ы сифилис менен оорушат. Ал эми 18 жаштан 24 жашка чейинки жаштар 16%ды түзөт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2022-жылы 203 адам сифилис оорусу менен дарыгерлерге кайрылган. Ал эми кыргызстандыктар арасында эң көп кездешкен башка оорулар – гонорея, хламидиоз, трихомониазды алсак – 15 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр кайрылгандардын 1%ын түзөт. Жаштар 25%ын түзөт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы гонорея 161 бейтапта, трихомониаз 373 адамда, хламидиоз 327де аныкталган.
15-16 жаштагы өспүрүм кыз жыныс мүчөсү кычышып жана суюктуктун бөлүнүп чыгып калганын байкады дейли. Ал биринчи кайда барат? Же аны айыптабаган курбусуна барат, же интернетке кирип бир нерсе табат ж.б.у.с.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыныстык катнаш аркылуу (анын ичинде вагиналдык, аналдык жана оралдык секс) 30дан ашык түрдүү бактериялар, вирустар жана мителер жугушу мүмкүн. Кээ бир ЖЖБИ (жыныстык катнаш аркылуу берилүүчү инфекция) энеден балага кош бойлуулук, төрөт жана эмчек эмизүү учурунда да жугушу мүмкүн. ЖЖБИнин эң көп таралышын сегиз козгогучтар шарттайт. Алардын ичинен төрт инфекция – сифилис, гонорея, хламидиоз жана трихомониаз, буларды учурунда айыктырса болот. Калган төрт инфекция – гепатит В, жөнөкөй герпес вирусу, ВИЧ жана адамдын папилломавирусу – вирустук мүнөзгө ээ жана айыктырууга болбойт (дарылоо менен айыктырууну чаташтырып албоо маанилүү). ЖЖБИ дүйнө жүзү боюнча сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолукка олуттуу терс таасирин тийгизет.
● Булар эмне болгон инфекциялар?
● Өспүрүмдөргө ЖЖБИ жөнүндө эмнелерди жана кантип айтып берүү керек?
Репродуктивдүү ден соолук альянсынын айтымында, эгер эякуляция болбосо, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар жукпайт деген миф бар. Бул калп. Үзгүлтүккө учураган жыныстык катнаш кош бойлуулуктан коргоонун таптакыр ишенимсиз жолу. Мындан тышкары, ал ЖЖБИ жана ВИЧтен коргобойт. Эркектердин сүннөткө отургузуусу дагы инфекциялардан толук коргой албайт.
● Кайсы ресурстарды колдонсо болот?
● ЖЖБИни дарылабаса, күтүлүшү мүмкүн болгон кесепеттер жана татаалдашуулар
Ден соолук? Социалдык тармактарда бөлүшүү: