"Өспүрүмдөр менен жыныстык катнаш жөнүндө сүйлөшүү - ата-эне баланы жыныстык катнашка үйрөтөт дегенди билдирбейт. Кеп коопсуздук, сексуалдык жашоого эмне таасир этиши мүмкүндүгү, түзүлүшүбүз жана гигиена жөнүндө", - дейт адис.
Ошондой эле ата-эне татаал темалар боюнча баарлашууда бала үчүн авторитет болушу керек.
"Бала менен ээн-эркин сүйлөшкөндө, ал ар дайым көчөдөгү бирөөгө эмес, сизге кайрыла аларына ишенет. Өспүрүм бул темалар боюнча сүйлөшүүдөн баш тартса дагы, ал сиздин тигил же бул теманы козгогонуңузду эстеп, суроолору болсо же бир нерсе менен бөлүшкүсү келсе, сизге кайрыла аларын билет", - дейт Наталья Ивахник.