Өспүрүм курак - бала ата-энеси менен байланыштырып турган "киндиктен" үзүлө турчу акыркы мезгил. Өз алдынча жашоо үчүн бөлүнүү процесси жүрөт. Баланын мээси жана нерв системасы ата-энесине көз каранды болбой, жашоодогу бардык кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн иштеп баштайт. Ата-эне баланын "мен өзүм" деген учурун колдон чыгарбай, бут кийиминин боосу же үй жыйноо маселелерине гана эмес, жашоонун бардык тармагында өз алдынча болуусуна мүмкүнчүлүк бериши керек.
Дагы бир айта кетчү нерсе, дал ушул өспүрүм куракта организмдин эң акыркы, бирок эң маанилүү болгон – репродуктивдүү функциясы ойгонот. Баланын физиологиясы өзгөрөт- гормондор ойнойт.
Бул учурда ата-энелер өздөрү менен өздөрү күрөшөт. Ар дайым баласына кам көргүсү келет, жакшысы бул куракта өз алдынча болууга мүмкүнчүлүк берген туура. Мунун баары кичинекей кезинен эле башталат, айталы, ата-эне баласына жуунганга, артынан тазалаганга, буюмдарын ирээттегенге ж.б. үйрөтөт. Жыл өткөн сайын өз алдынча болгон мейкиндиги өсүшү керек, бул нормалдуу көрүнүш.
Өспүрүм куракка келгенде, бала өзүнө, жаткан жерине, тазалыгына кам көргөндү билип калышы зарыл. Ата-эне чек арадан өтпөшү керек. Айталы, чоңоюп калган баланын кийимдерин кирге салып жатканда, апасы чөнтөктөрүндө бир нерсе калып калган жокпу деп текшергени жакшы көрүнүш эмес. Кээде баланын жеке чегине кантип кирип кеткенибизди, өзүбүз байкабай калышыбыз мүмкүн.
Ата-энелер өзгөрүүлөргө, айталы, баланын денесинде, ойлорунда жана сезимдеринде күтүлө турчу өзгөрүүлөр, ошондой эле репродукцияга байланыштуу кошумча функциялар жөнүндө сүйлөшүүгө даяр болушу керек. Тилекке каршы, көп учурда чоңдор жашырып, сүйлөшүүнү улам кечеңдете берип, анан маалымат берүүдөн кечигип калышат.
Башка, айталы тажрыйбалуу болгон өспүрүмдөрдүн идеялары, кээде илимий маалыматтар менен эч кандай байланышы жок болот. Тескерисинче, коомдогу, өзгөчө жаштар арасында кездешкен эркек жана аял сексуалдуулугу тууралуу жалган маалыматтарды гана чагылдырат. Ошентип, өспүрүмдө курчаган чөйрөсү таңуулаган, кийин жеке сезимдерине, көз караштарына жана тажрыйбасына карама-каршы келсе да жеңүү кыйынга тура турчу стереотиптер калыптанат.