- Социалдык тармактарга жалган маалымат таратуу же бирөөнүн уят-сыйытсыз сүрөттөрүн жарыялоо;
- Мессенджерлер аркылуу адепсиз билдирүүлөрдү же коркунучтарды жөнөтүү;
- Өзүн башка адам катары көрсөтүп, анын атынан уятсыз билдирүүлөрдү жөнөтүү.
Секстинг. Бул SMS, почта же мессенджерлер аркылуу текст, сүрөттөр, видеолорду камтышы мүмкүн болгон интимдик билдирүүлөр менен алмашуу. Секстинг балдарды киберкуугунтукка дуушар кылышы мүмкүн. Бул билдирүүлөр же сүрөттөр шантаж үчүн колдонулушу же алардын макулдугусуз таркатылышы ыктымал. Ачык контент ыкчам жайылып, баланын азыркы жана келечектеги репутациясына таасир этиши мүмкүн.
Жаман контентке жеткиликтүүлүк. Бул зордук-зомбулукту, порнографияны, баңгизаттарды, кумар оюндарын жана экстремизмди үгүттөгөн маалыматтык материалдар (сүрөттөр, видеолор, аудио, тексттер). Мындан тышкары, бул ар кандай зыяндуу программалар болушу мүмкүн. Алардын милдети ээсинин компьютериндеги же гаджетиндеги маалыматына жетүү болуп саналат.
Оюнга болгон көз карандылык. Оюндарга ашыкча берилүү, окууга жана ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөргө алып келет. Психологиялык патология ар кандай куракта өнүгөт, бирок балдар жана өспүрүмдөр ага эң жакын болот. Тармактык видеооюндарга болгон көз карандылык ушундай катуу болот, кээде колдонуучулар виртуалдык реалдуулукка кирип, табигый муктаждыктарын канааттандырууну унутуп коюшат, бул эмоционалдык жана физикалык чарчоо гана эмес, өлүмгө да алып келиши мүмкүн.
Ар кандай фобиялар. Фобиялардын бири - телефонсуз калуудан коркуу. Балдар бир нерсени өткөрүп жибердим деп ойлошу мүмкүн жана аларда пайданы өткөрүп жиберүү коркунучу пайда болот. Башкача айтканда, алар кызыктуу нерсени өткөрүп жибербөө үчүн ар дайым онлайн болушу керек. Бул уйкунун бузулушуна, тынчсызданууга алып келет жана балдардын мектепте же чыныгы баарлашуудагы концентрациясын бир топ төмөндөтөт.
Фишинг. Бул, ар кандай программалардын жардамы менен, айталы, жасалма сайттар же билдирүүлөр аркылуу жеке маалымат (паролдор, банктык маалымат) уурдалат.
"Балдар ошондой эле ар кандай мессенджерлер, социалдык тармактар, оюн аянтчалары аркылуу баңгизаттарды тараткан каналдарга тартылышы мүмкүн. Бул каналдар туура эмес иштеп жатат дегенди билдирбейт, жөн гана шылуундар жалган ат менен каналдарга катталып, эң аялуу абоненттерди аныкташып, анан аларга түздөн-түз байланышка чыгышат. Балдарга баңгизаттарды таштап кетүү менен байланышкан өтө жеңил жумуш сунушталышы мүмкүн", - деп белгиледи Мамбеталиева.
Мамбеталиеванын айтымында, Кыргызстанда баңгизатты таштап кетүү жумушуна аралашкан өспүрүмдө өтө көп. Учурда абдан активдүү 40тан ашык канал бар, алар көңүл ачуучу мүнөзгө ээ, бирок бул каналдар аркылуу балдар мыйзамсыз иштерге тартылууда.
Адис бир күндө 5 миң сом тапса болот деген жарнамалар менен өспүрүмдөрдү азгырган мисалдарды келтирди. Ошол эле маалда "иш берүүчүлөр" "кызматкердин" жашы маанилүү эмес экенин, эң негизгиси ал шаарды кыдырып жүрө алса болорун айтышат. Ал эми кызыккандар чала баштаганда, алардын жашын, кесибин сурашат. Алдамчылар бала тууралуу маалыматты чогултуп алып, кайра ал маалыматтар менен коркутуп, алдамчылык жана шантаж аркылуу баңгизатты таштоого мажбурлашат. Балдар ата-энесинин ачуусунан коркуп, "пакетти жеткирүүгө" макул болушат. Ошондуктан, ата-эне баласы интернетте эмне кылып жатканын кунт коюп карап турушу керек.
Ошол эле учурда, өспүрүмдөр арасында криптовалюта жана электрондук акча алмашуу динамикасы пайда болду. Бул кызыгуулар баңгизаттарды таратуу менен гана эмес, адам сатуу жана порнография менен алектенген синдикаттарга алып келиши мүмкүн.