Бардык өспүрүмдөр денесинде (айрыкча, эркек балдарда жыныс мүчөсүнө байланыштуу, кыздарда сүт бездерине байланыштуу) баары жакшы экенине ишенгиси келет. Анткени, алар дайыма өздөрүн теңтуштары менен салыштырышат! Айланадагылардын, ата-энелердин "мурдуң мындай", "бутуң мындай" деген орунсуз орой сөздөрү өспүрүмдөргө катуу тиет, физикалык жактан кемчилиги бар экени тууралуу ойлорду жаратып, атүгүл, ага болгон күчтүү ишенимди калыптандырат. Өспүрүм өзүнүн денеси жана жүзү жөнүндө түз суроолорду бербесе да, анын мүмкүн болгон комплекстерин ар тараптан жок кылуу керек.
Ата-энелердин милдети - өспүрүмгө андагы жүрүп жаткан өзгөрүүлөр убактылуу экенин түшүндүрүү. Кыздарда кадимки жыныстык жетилүү мезгилинде май массасы пайда болуп, алар семирип жатам деп ойлошот. "Сулуулук стандарттарына" төп келүү үчүн, өспүрүмдөр, айрыкча кыздар, тамак-аштан баш тартып, салмагын азайтуу үчүн фармакологиялык каражаттарга кайрылышат, бул анорексия коркунучуна алып келет: тамактан толук баш тартуу.
Нервдик анорексияга ата-энелер өздөрү себеп болушу мүмкүн: "Эмнеге мынча көп жеп жатасың?", "Менин томпогум!" Жаштар үчүн ар кандай коомдордо жана ар түрдүү маданияттарда ар кандай сулуулук жана жагымдуулук идеалдары бар экенин эстен чыгарбоо пайдалуу болот, андыктан ар бир адам суктануунун объектиси боло алат.
Ата-энелер бул тууралуу өспүрүмдөр менен кантип сүйлөшүп баштаса болот?Ар кандай жагдайларды талкуулоо үчүн себеп издеңиз. Телевизордон же интернеттеги жаңылыктардан кайсы бир окуяны (буллинг, шылуундар, эрте кош бойлуулук) көрсөңүз, мектепте, шаарда, өлкөдө бир окуя болгон болсо - аны талкуулаңыз. Минтип сураңыз: "Сен кандай ойлойсуң, бул кырдаалдан кантип чыгууга болот эле?"
Эгер балаңыз менен мындай сүйлөшүүдөн майнап чыкпасын түшүнсөңүз, бул темаларды күйөөңүз/аялыңыз, апаңыз, курбуңуз/досуңуз, эжеңиз/агаңыз менен талкуулаңыз. Анан өспүрүм силердин диалогдон жыйынтык чыгарат.
Маалыматты өспүрүмдөр үчүн ыңгайлуу форматта бериңиз. Аларга, азыр секс тууралуу маалыматтын негизги булагы порно эмес экенин, ал жактагы маалыматтар туура эместигин айтыңыз. Керектүү адабияттарды сатып берүүгө жана каалаган тема боюнча компетенттүү макалаларды табууга жардам берүүгө даяр экениңизди билдириңиз. Өзүңүз дагы бул темада боюнча өспүрүм менен бирге өнүгүүгө каршы эмес экениңизди билдириңиз.
Лекция окубаңыз, жогору жактан позиция ээлебеңиз, назик болуңуз, сүйүү жана теңчилик позициясынан сүйлөңүз, катаңызды мойнуңузга алыңыз, бул темадагы кемчиликтериңди айтып бериңиз.
Баланын ыңгайсыз суроолоруна ким жооп бериши керек? Албетте, бала бул суроону узаткан ата-эне.
Сүйлөшүүнү баштоо үчүн варианттар:- Менин убагымда сексуалдык тарбия болбогонуна абдан өкүнөм. Биз жеке чектер, коопсуздук эрежелери же дени сак мамилелер жөнүндө билген эмеспиз. Ошондуктан, мен сенде бул маалыматтар болушун каалайм;
- Мен бир аз тартынып жатам, бул баарлашууну сен үчүн кантип ыңгайлуу кылсам болот;
- Бул китептерде так мен сенин жашыңда билгим келген нерселер бар, буларды окусаң абдан кубанычта болом. Ал эми кээ бир учурларга байланыштуу мен сенин пикириңди сурап, аларды талкуулагым келет;
- Мен сенин коопсуздугуң үчүн тынчсызданып жатам. Кел, өзүбүздү ыңгайлуу сезиш үчүн бири-бирибизге кантип кам көрө алабыз чогуу ойлонолу.