Өспүрүмдөрдүн жана балдардын медиа сабаттуулугу

Өспүрүмдөр калктын башка категорияларына караганда социалдык тармактар, жаңылыктар порталдары, видеохостинг пабликтери, онлайн оюндар, теле жана радио аркылуу виртуалдык дүйнө менен өз ара көбүрөөк аракеттенишет. Алар бул булактардан маалымат алышат. Тилекке каршы, виртуалдык дүйнөдө чындык кайда, калп кайда экенин аныктоо кыйын. Виртуалдуулукту бери кой, реалдуу дүйнөдө кастык тилине жана буллингге каршылык көрсөтүү туруу оңой эмес. Ошон үчүн өспүрүмдөрдүн медиа сабаттуулугу менен медиасынын өнүктүрүү зарыл.
Checkit.media долбоорунун автору жана медиа тренер Асел Сооронбаева, "Медиа Сабак" фондунун директору Айчүрөк Усупбаева санариптик доордо өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери үчүн медиа сабаттуулук жана медиасын көндүмдөрү канчалык маанилүү экенин айтып беришти.

Медиа сабаттуулук деген эмне?

Медиа сабаттуулук - медиа жана маалымат сабаттуулугу (ММС) 2007-жылы ЮНЕСКО тарабынан сунушталган комплекстүү түшүнүктү камтыйт. ММС - адамдарга ар кандай медианын, жанрлардын жана формалардын, анын ичинде билим берүү максаттарында жана кырдаалдарда билдирүүлөрдү талдоо, баалоо жана жаратууга мүмкүндүк берген көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн жыйындысы.

Медиа сабаттуулук өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Керектүү маалыматка жетүү үчүн издөө системаларын колдонуу жөндөмү;
  • Маалымат булактарына көңүл буруу, анын ишенимдүүлүгүн текшерүү жана сын көз менен баалоо жөндөмү;
  • Интернетте жеке маалыматтарды коргоо жана каракчыларды кызыктырышы мүмкүн болгон жеке жашоо жөнүндө маалыматтардын сыртка чыгуусун алдын алуу жөндөмү;
  • "Ата-эненин көзөмөлү" системаларын билүү, аларды колдонуу жана социалдык тармактарда, интернетте балдарды жеке коопсуздук маселелерине үйрөтүү жөндөмү;
  • Ар кандай булактардан алынган маалыматты салыштыруу жана алынган маалыматты текшерүү жөндөмү;
  • Медиа сабаттуу адамдар критикалык суроолорду бергенди, фактыларды текшергенди жана альтернативдүү маалымат булактарын издегенди билишет.

ММС "21-кылымдын көндүмдөрү" же "жумшак" көндүмдөрдүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Сынчыл ой жүгүртүүнүн жана медиа сабаттуулуктун мааниси

Изилдөөлөргө ылайык, КРда өспүрүмдөрдүн критикалык ой жүгүртүү деңгээли өтө төмөн, ал эми өнүккөн өлкөлөрдө медиа сабаттуулук мектептерде эле окутулат. Кыргызстанда Билим берүү министрлигине окутуу программасын иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу сунушталганына карабастан, бул нерселер системалуу түрдө болбосо дагы, бейөкмөт уюмдардын долбоорлору аркылуу гана ишке ашып келет.
маанилүү

Айчүрөк Усупбаева өз кезегинде критикалык ой жүгүртүү жана ММС заманбап маалыматтык коомдо негизги ролду ойноорун баса белгилейт. Санариптик доордо критикалык ой жүгүртүүнүн маанилүү болуусунун негизги себептеринин бири - маалыматты жаратуу жана таратуунун жеңилдиги, анткени маалыматтын эбегейсиз агымында маалыматты талдоо, анын ишенимдүүлүгүн баалоо, текшерүү, фактыларды жана пикирлерди фактылардан айырмалай билүү абдан маанилүү.

Дезинформациянын жана фейк жаңылыктардын массалык түрдө жайылуусунда критикалык ой жүгүртүү менен медиа сабаттуулук алардан коргонуунун маанилүү куралы.

Медиа билим берүү контентин берүү, чыгармачылык кызыкчылыктарды стимулдаштыруу жана социалдык өз ара аракеттенүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу өспүрүмдөрдүн өнүгүүсүндө оң роль ойной алат. Бирок ошол эле учурда анын мазмуну (интернеттеги маалыматтар) ишенимсиз же бурмаланган маалыматтарды берүү же үгүттөө, манипуляциялоо жана сезимдерге жана ишенимдерге терс таасир көрсөтүү ыкмаларын колдонгону менен өспүрүмдөргө ар дайым эле пайдалуу боло бербейт.

Айгүл Усупбаева мектеп окуучуларынын медиа сабаттуулугун жогорулатуу боюнча "Media station" долбоорунун алкагында өспүрүмдөр маалымат алуу үчүн медианы тандоо менен критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрсө болорун, ал эми ар кандай булактарды талдоо жана салыштыруу маалыматка сын көз караш менен баа берүү көндүмдөрүн калыптандырууга көмөкчү болорун үйрөнүшөт.

Эмне үчүн критикалык ой жүгүртүү жана медиа сабаттуулук өспүрүмдөр үчүн өзгөчө маанилүү болуп саналат?

Медиа сабаттуулук онлайн коопсуздукту түшүнүүнү, жеке маалыматты коргоону жана интернетти туура колдонууну камтыйт.

"Кибербуллинг, хакерлик жана жеке маалыматтарды атайылап эмес ачыкка чыгаруу менен байланышкан коркунучтарды эске алганда, өспүрүмдөр үчүн бул өзгөчө маанилүү болуп саналат. Андан тышкары, медиа сабаттуулук өзүнө этикалык стандарттарды сактоо менен (автордук укуктарды сактоо, туура эмес маалыматтарды жана кастык тилин жайылтпоо) жеке контентти жаратуу көндүмүн камтыйт", - деп белгилейт "Медиа сабак" долбоорунун жетекчиси.

Заманбап маалымат коомунда медиага болгон жеткиликтүүлүк качып кутулгус нерсе болуп калды. Өспүрүмдөр ар кандай маалымат булактары менен тынымсыз өз ара аракеттенишет. Ошондуктан аларга шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн туура маалыматты туура эмес маалыматтан жана манипуляциядан айырмалоону, пикирди фактылардан айырмалоону үйрөтүү керек.

Асел Сооронбаева медиа сабаттуулук өспүрүмдөр үчүн абдан маанилүү деп эсептейт.
Алар жалган маалыматты чындыктан айырмалап, кибербуллинг деген эмне экенин жана ага кантип каршы туруу керектигин түшүнүп, кастык тилин, манипуляцияларды жана пропаганданы тааный билиши керек.
"Өспүрүмдөр үчүн кастык тилине туруштук бере алуу абдан маанилүү, анткени өспүрүмдөр ага карата өтө сезимтал келишет жана мунун баарын баштан өткөрүү алар үчүн кыйынга турат. Ар бир өспүрүм жек көрүүнү козуткан сөздөр эмне экенин билип, ага каршы куралдарды колдоно билиши зарыл", - дейт Асел Сооронбаева.

Сынчыл ой жүгүртүүнү жана медиа сабаттуулукту өнүктүрүү стратегиялары

Тилекке каршы, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кыргызстан мектептерде жана ЖОЖдордо ММСны милдеттүү сабак катары киргизе элек. Бул нерсе, жада калса, факультатив катары дагы жеткиликтүү эмес. Ошентсе дагы, өспүрүмдөр жана студенттер менен иш алып барган долбоорлор бар.

"Медиа Сабак" фондунун медиа сабаттуулукту илгерилетүү боюнча стратегиясы адамдардын медиа мейкиндигинде маалыматты талдоо, баалоо жана критикалык кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн билим берүү программаларын камтыйт.

Фонд төмөнкү багыттар боюнча иштерди алып барган:

  • Сынчыл ой жүгүртүүгө жана медиа сабаттуулукка үйрөтүүнүн элементтерин стандарттуу предметтерге жана окуу пландарына киргизүү жана иштеп чыгуу.
  • Өз ичине видеосабактарды, тесттерди, иллюстрацияланган мисалдарды жана кейстерди камтыган интерактивдүү онлайн платформаларды жана окуу материалдары менен тиркемелерди түзүү. Көп тилдүү www.mediasabak.org билим берүү порталында анимацияланган видеосабактар, практикалык көнүгүүлөр, ММС боюнча орус, кыргыз, тажик, өзбек жана казак тилдериндеги тесттер жана адабияттар бар. Бул критикалык ой жүгүртүү боюнча маалыматка жана билимге муктаж болгон мугалимдер жана окуучулар үчүн баалуу билим берүү булагы болуп саналат. Көп мугалимдер айтылуу билимдерди өз сабактарында колдонушат, биздин видеолор менен тесттер менен бөлүшүшөт.
  • Медиа форматтар аркылуу критикалык ой жүгүртүүгө өбөлгө болгон чыгармачылык мамилени стимулдаштыруучу иш-чараларды жана сынактарды уюштуруу. Мисалы, мугалимдер үчүн ММС элементтерин камтыган сабактарды иштеп чыгуу боюнча жана мыкты мектеп медиа бурчу сыяктуу сынактар.

"Медиа Сабак" фонду билим берүү системасынын бардык катышуучулары үчүн билим берүү иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүп турат: мектеп мугалимдери жана диний окуу жайлардын окутуучулары үчүн медиалабораториялар, мектеп жана медресе окуучулары үчүн ММС боюнча билим берүү лагерлери. Бул иш-чаралар медиа контентти талдоодо жана аны жаратууда критикалык ой жүгүртүүнү практикада колдонууга багытталган. Бул биргелешкен стратегиялар критикалык ой жүгүртүүнү жана медиа сабаттуулукту өнүктүрүү, жоопкерчиликтүү жана маалыматтуу коомду өнүктүрүү үчүн туруктуу жана системалуу негизди түзөт.

Баланын медиа чөйрөсүнө болгон ата-эненин таасири

Медиатренер Асел Сооронбаева Касперский лабораториясынын изилдөөсүнө ылайык, көбүнчө ата-энелер балдары колдонгон контентти көзөмөлгө албагандыктан, өспүрүмдөргө карата жасалган онлайн-буллингге жана харассментке көңүл бурушпай турганын айтат.

"Кырдаал психолог кийлигишүүгө туура келген деңгээлге чейин жетиши мүмкүн. Агартуучулук иштеринде ата-энелердин ролу чоң, алар жок дегенде сырттан балдарынын социалдык тармактарында эмне болуп жатканын көзөмөлдөп, балдары аларды блокко коюп койбошу үчүн макулдашып алуулары керек" , - дейт медиатренер Асел Сооронбаева.

Айчүрөк Усупбаева болсо, ата-энелер балдарын суроо берүүгө, өз оюн айтууга жана ар кандай булактардан алынган маалыматты талдоого үндөп, алардын критикалык ой жүгүртүүсүнө колдоо көрсөтө алышаарын кошумчалады.
Ата-энелер балдарына маалыматты талдоо жана медиа контентти талкуулоо мүмкүнчүлүгүн берүү менен, айталы, жаңылыктарды, жарнамаларды жана социалдык роликтерди талкуулоо менен, аларды критикалык ой жүгүртүүгө үйрөтүшү керек.
Мындан тышкары, ата-энелер балдарын онлайн-чөйрөдөгү этикетке, коопсуздукка жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга үйрөтүшү керек. Бул өзүнө онлайн-чөйрөдөгү жүрүм-турум кесепеттерин билүү, байланыш жана өз ара аракеттенүү үчүн этикалык мамилелерди иштеп чыгууну камтыйт.

Жалпысынан, ата-энелер үчүн кеңештерди төмөнкүдөй кылып түзсө болот:

Бала менен анын интернеттеги активдүүлүгүн талкуулоо

  • Күн сайын бала эмнени окуп, көрүп жана онлайн кимдер менен баарлашып жатканын талкуулаңыз. Сайттар жана тиркемелер жөнүндө сураңыз. Эгер ал нерселер сизге жакпаса, себебин түшүндүрүңүз. Бул теманы талкуулоону баланын бой жетүүсүнө жараша ылайыктаңыз.
  • Балдарга интернеттеги репутиациясына, өздөрүн алып жүрүүсүнө, адамдар менен баарлашуусуна жана социалдык медиада өзүн көрсөтүүсүнө этият болушу керектиги жөнүндө айтып бериңиз.
Экрандар жана түзмөктөр көрүнүктүү жерге коюлушу керек

  • Баланын, өзгөчө кичинекейлердин интернетке болгон убактысын көзөмөлдөңүз. Балаңыздын эмне кылып жатканын жана интернеттен эмнелерди көрүп жатканын көзөмөлдөп туруу үчүн компьютерди үйдүн көрүнүктүү жерине жайгаштырыңыз. Балдарыңыз сиздин кабардар кылбай туруп интернетке кирбеши үчүн мобилдик түзмөктөр үчүн Wi-Fi сырсөзүн өзгөртө тургандай кылып орнотуп коюңуз. Ошондой эле уктоочу бөлмөлөрдө планшеттер, ноутбуктар же оюндар жок болушу керектиги тууралуу макулдашып алганга аракет кылсаңыз да болот.
  • Браузердин тарыхын текшерип туруу жөнүндө дагы сүйлөшүп алыңыз. Ооба, бой жеткен бала менен бул нерсе кыйынга турат. Бирок бул нерселер анын коопсуздугу үчүн жасалып жатканын айтуу керек.
Ата-энелик көзөмөл

  • Интернет браузерлери, провайдерлери жана түзмөктөр тарабынан сунушталган ата-эненин көзөмөлүн/издөө чектөөлөрүн кантип колдонууну керектигин билүү керек. Мисалы, Google'дун SafeSearch Filters'и сексуалдык мүнөздөгү материалдары бар сайттарды бөгөттөйт. Аны иштетүү үчүн "Настройки"/"Фильтры безопасного поиска" өтүңүз. Ата-эненин көзөмөлү 100% кынтыксыз болбосо да, балаңыздын зордук-зомбулук же сексуалдык мазмундагы сайттарга кирүүсүнө бөгөт коюга жардам берет. Акы төлөнүүчү куралдар жана коопсуздук функциялары кошумча коргоону жана көзөмөлдү камсыз кылат.
  • Телефондордо аны колдонууну чектеген режимди күйгүзүп койсоңуз болот.
Балдарыңыздын интернеттеги достору кимдер

  • Балаңыздын социалдык тармакта кимдер менен баарлашып жатканын билүү анын достугуна кошулуңуз, анткени интернеттеги кээ бир адамдар өздөрүн көрсөткөндөн алда канча алыс болушат, айталы, балдар менен өспүрүмдөргө интернеттеги баарлашуу эрежелерин үйрөтпөсө, алар ким менен баарлашып жатышкандарын билбеши мүмкүн. Мындай сунушка балдар жана өзгөчө өспүрүмдөр каршылык көрсөтүшү мүмкүн, бирок алар интернетке жана медиага кирүүгө уруксат алгылары келсе, бул нерсе аларга коюлчу шарттардын бири болушу мүмкүн.
Купуялыгыңызды коргоо үчүн, бардык нерседен кабардар болуңуз

  • Эгер бала социалдык тармактарды үзгүлтүксүз колдонсо, анда ал жеке маалымат же сүрөттөр жарыялангандан кийин жалпыга ачык болуп кала турганын билиши керек. Жеке маалыматтарды (сүрөт, жеке маалыматтар, телефон номери, үй дареги, электрондук почтасы, окуган жери жана башка маалыматтар) сиз менен макулдашылгандан кийин гана ачыкка чыгарса болору тууралуу келишип алыңыз.
  • Балаңыздан ал эмнелер менен бөлүшүп жатканын көрсөтүүсүн сураныңыз же улуу бир тууганынан сүрөттөрдү жарыялоодон мурун карап чыгуусун сураныңыз.
Санариптик изди көзөмөлдөө

  • Социалдык тармактарда жана интернетте жүктөлгөн жана бөлүшүлгөн ар бир сүрөт жана жеке маалымат кимдир бирөөнүн санариптик изине салым кошот. Маалымат жалпыга жеткиликтүү болгондон кийин, ал сиз күтпөгөн жана көзөмөлдөй албаган жолдор менен колдонулушу мүмкүн. Интернетте жайгаштырылган нерселердин баары туруктуу (кээде маалыматты башкалар көрүп, сактай электе эле алып салууга болот, бирок ар дайым эле эмес). Ошондуктан, балдар өздөрүнүн сүрөттөрүн жана маалыматтарын коргошу керек. Бул нерсе балдарынын сүрөттөрүн интернетке байма-бай жарыялаган ата-энелерге дагы тиешелүү.
  • Балаңызга маалыматты алар билген жана ишенген адамдары менен бөлүшүп, санариптик изин көзөмөлдөөгө үйрөтүңүз. Балдарды тандоого жана алар колдонгон социалдык медиа платформаларында купуялык жөндөөлөрүн колдонууга үйрөтүңүз.
Жайгашкан жерди билдирбөө

  • Көпчүлүк тиркемелерде, тармактарда жана түзмөктөрдө жайгашкан жериңизди жалпыга жеткиликтүү кылган геотег коюу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул функциялар коопсуздук үчүн улам өчүрүлүшү керек. Сүрөттүн метадайындарын да көзөмөлдөңүз.
Интернеттеги убакытты көзөмөлдөңүз

  • Эксперттер 5 жаштан 17 жашка чейинки балдарга экранда күнүнө эки сааттан ашык өткөрбөөнү сунушташат. Ошондуктан балаңыздын интернетте канча убакыт өткөргөнүн, өзгөчө жаш балдарга көз салуу маанилүү. Үйүңүздөгү Wi-Fi'ды ар бир түнү белгиленген убакта өчүрүп коюңуз (жакшысы уктаар алдында) баарында интернет өчкүдөй кылып.
  • #SocialNetworkSavvy. Бул хэштег аркылуу жабырлануучу менен буллердин көз карашы боюнча интернеттеги кодулоо эмне экенин жана ага кантип каршылык көрсөтсө болорун билип алыңыз.
  • Эгерде сиздин балаңыз социалдык тармактарды колдонсо, анда ал эмне кыла аларын билиңиз:
- Орунсуз жана/же адепсиз билдирүүлөр тууралуу билдирүү;
- Бирөөнү блокко салуу;
- Маалыматтын купуялуулугун сактоо.

Үлгү болуңуз

  • Интернет колдонуудагы өзүңүздүн убактыңызды чектеп, социалдык тармактарда позитивдүү жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөтүңүз. Балдар сизден үлгү аларынын ыктымалдуулугу жогору.
  • Коркпоого, интернетти жана социалдык тармактарды колдонуудан максималдуу жеткиликтүүлүктү алууга үйрөтүңүз.
  • Өзүңүздү жана балдарыңызды санариптик сабаттуулук жана онлайн коопсуздук боюнча билим берүү программаларына тартуу маанилүү. Бул санариптик тобокелдиктерди жана онлайн ресурстарды колдонуунун натыйжалуу стратегияларын ырааттуу түшүнүүнү камсыз кылат. Ошондой эле санариптик технологияларды чыгармачылык жана билим берүү максатында колдонууга үндөйт. Бул жеке контентти түзүү жана билим берүү долбоорлоруна катышууну камтышы мүмкүн.

Медиатренер Асел Сооронбаева балдардын маалыматка жеткиликтүүлүгү боюнча мамлекеттик саясат тыюу салуучу жана жазалоочу саясат экенин өкүнүү менен белгилейт.

"Медиа сабаттуулукту өнүктүрүү, айтуу, агартууулук иштерди жүргүзүү керек. Жек көрүүчүлү жана кастык тилине каршы негизги антидот - бул медиа билим берүү. Бул нерсени мектептин окуу программасына киргизүү кырдаалды жакшыртууга жардам бермек. Факт-чек жана контентти талдоо баланын билим деңгээлин жогорулатат", – деп жыйынтыктады адис.

Ден соолук? Социалдык тармактарда бөлүшүү: