● Социалдык тармактардагы кооз жашоо
"Ушул эле көрүнүш сырткы келбетке да тиешелүү. Социалдык тармактарда адамдар реалдуулуктан алыс болгон образды жаратышат. Азыр бетти жана фигураны тууралай турган фильтрлер көп. Мындан тышкары, жасалма сүрөттөр менен видеолорду монтаждаган тиркемелер толтура. Бул нерселер адамдардын сырткы келбети жана жашоосу тууралуу жалган ойду жаратышы мүмкүн. Ошентип, көпчүлүк кандай болсо, ошондой эмес, алда канча сулуураак, ийгиликтүү көрүнөт. Кээде реалдуулук менен болгон айырмачылык өтө чоң", - дейт психолог.
● Ата-энелер өздөрү социалдык тармактарга көз каранды
● Салыштыруу ата-эне тарабынан үйрөтүлөт
"Балаңызга анын кайсы бир нерсе менен алектенүүнү тандап алганы же өзүн өнүктүрүүнү чечкени менен сыймыктана турганыңызды айтсаңыз болот. Башкача айтканда, аны натыйжага жетүүгө эмес, процесстин өзүнө көңүл бурууга багыттаңыз. Баланы олимпиадага барууну чечкени үчүн гана мактасаңыз болот. Анткени баланы кичинесинен жыйынтыкка гана умтулууга үйрөтсө, анда ал жыйынтыкка гана көңүл бурат. Ал эми бул кошуналардын балдарынын же атактуу блоггерлердин жыйынтыгы болушу мүмкүн", - дейт адис.
● Ата-энелик милдеттер жана товар-акча сүйүүсү
● Ата-энелер үй-бүлөдөгү кырдаалды өз колуна алышы керек:
Ден соолук? Социалдык тармактарда бөлүшүү: