Менин кеңешим: өзүңдү коргоонун эң жакшы жолу – бул, биринчиден, куугунтукка алган адамдарга көңүл бурбоо. Мен ата-энелерге кеңеш берет элем, Алгач өздөрү үйрөнүп, андан кийин балдарын интернеттеги чексиз чабуулдарга көңүл бурбоо керектигин үйрөтсө. Экинчиден, мен балам менен аккаунтту дароо тазалап, коопсуз болуш үчүн анын кандай болушу керектигин түшүндүрүп бермекмин. Ошондо бала куугунтуктун объектиси болгон учур менен интернетте өзүн туура алып жүргөндөн кийинки терс көрүнүштөр азайган кырдаалдын айырмасын сезет. Бала өзү түшүнө баштайт: интернетте мындай жүрүм-турум кылса коопсузураак болорун.
- Социалдык тармактарда ата-эне менен балдар бири-бирине катталуу болушу керекпи? Бул көзөмөлдөөнүн бир түрү болгону менен, өспүрүмдөр жеке мейкиндик каалайт эмеспи.
- Мен муну сунуштабайт элем. Чоң балдарым социалдык тармактарды колдоно баштаганда, алар мага, мен аларга катталгам. Биз бири-бирибизди карап турчук. Бирок акырында мен туура эмес реакция берип, комментарий жаза баштадым: Эмнеге ал жакка бардың? Муну эмне үчүн тарттың? Ошондо балам менден катталууну токтотууну суранды, анткени ал чындап эле өзүнүн жеке мейкиндигин коргогусу келген. Анан мен тааныштарымдан, досторумдан, анын курактуу туугандарынан анын аккаунтуна катталууну сурандым. Мен дагы эле алардын сын-пикирлеринин жана жоопторунун негизинде балама ушинтип көз салып турдум. Бирок мен муну кичүү балдарым менен кайталабоону чечтим, ошондуктан алар менен мага жеңилирээк: мен аларга катталгам, алардын эмне кылып жатканын, кандай кылып жатканын карап турам, бирок мен аларды дароо сындабайм. Алар менен тынч сүйлөшүү керек.
- Бул аракеттердин таасири болобу?
- Таасири болот. Сиз баланын туура, коопсуз постторуна суктанып, мисалы, колдоо көрсөтүүңүз керек, мисалы, лайк басып.
- Биз киберкуугунтукка кабылган бала, анын жүрүм-турум эрежелери тууралуу сүйлөштүк. Тескерисинче, ата-эне баласы буллинг жасаган, жакшы эмес билдирүүлөрдү тараткан жана башка колдонуучуларды таарынткан адам экенин билгенде эмне кылуу керек?
- Буллингге кабылган балдардын ата-энелери мектепке келип, буллинг жасаган бала менен оффлайн режиминде күрөшө баштаган учурлар болгон. Алар жетишерлик катуу чараларды көрүүнү талап кылышат. Башкача айтканда, ата-эненин өзү психологиялык жактан тең салмактуулук абалын жоготуп, агрессивдүү аракеттерди жасай баштайт. Албетте, биз дароо мындай кылбоону, биринчи кезекте балдары менен сүйлөшүү ж.б.у.с. Сунуштайбыз. Көбүнчө буллингди жакшы эмес же толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары жасайт. Үйдө кандайдыр бир кысымга кабылып, агрессияга кабылган балдар дагы буллинг жасашат. Бул жол менен алар өздөрүнүн психологиялык көйгөйлөрүн башкалардан чыгарышат. А бул жерде ата-энеңе барып сүйлөшүү керек деп айтуу өтө кыйын. Мындай учурларда ата-эне менен жөн эле сүйлөшүү пайдасыз экенин түшүндүм. Биз алардын баласынын буллинг жасаганын аныктаганыбызды эскертишибиз керек. Ал эми мындай жүрүм-турум улана берсе, жоопкерчилик балага гана эмес, анын ата-энесине дагы жүктөлөт.
- Демек, укук коргоо органдарына кайрылса болобу?
- Ооба, бул биринчиден. Экинчи жагдай, буллинг жасаган адам менен иштешүү үчүн психологдорго кайрылуу керек. Бирок менин практикам көрсөткөндөй, чоңдорго караганда балдарга буллинг жасагандар алда канча аз. Баары балдар таш боор экенин айтышса да, эмоцияналдык жактан таптакыр башкача. Бирок, көпчүлүк учурда буллингди - бойго жеткен, аң-сезимдүү адамдар эле жасаганы, алар үчүн белгилүү бир сандагы адамдарды көзөмөлдөө жана аларды манипуляциялоо абдан маанилүү экени белгилүү болгон. Максаттар ар башка - акча табуу, маалыматтарды алуу же жөн эле коркутуудан ырахат алуу. Бирок дүйнөлүк статистика балдарга буллинг жасагандардын саны алда канча аз экенин көрсөтүп турат.
- Баланын социалдык тармактардагы аккаунту ачык болушу керекпи же жабык болушу керекпи?
- Мен албетте аккаунт ачууну 16-17 жаштан жогорку колдонуучуларга сунуштайт элем. Ага чейин аккаунтту жабык калтырган жакшы. Анткени бул жашка чейинки балдар интернетте иштөөгө психологиялык жактан даяр эмес. Менин ата-энелерге кеңешим: бала кырдаалды көзөмөлдөп, интернеттин психологиялык мейкиндигинде багыт ала аларын билгенден кийин, 16-17 жаштан кийин гана аккаунтун ачууга уруксат бергиле.
- Кыргызстандын мыйзамдары жагынан балдар киберкуугунтуктан корголобу?
- Биз бир топ түрдүү мыйзамдарды кабыл алдык, бирок кабыл алынгандын баары иштей элек жана иштебейт. Анткени учурда Кыргызстанда балдарды терс көрүнүштөрдөн коргоо чарасы катары колдонулуп жаткандын баары цензурага көбүрөөк окшошуп кетет. Биздин өкмөт өзүнө жоопкерчилик алган, ал өзү ата-эненин ролун аткара алам деп эсептейт. Чынында, иш жүзүндө биздин мыйзамдар цензура катары иштейт, бирок алар киберкуугунтукту азайтууга эч кандай натыйжа бербейт.
- Кыргызстанда санариптик кодексти кабыл алуу талкууланып жатат. Биздин маселени жөнгө салган кандайдыр бир берене барбы?
- Санариптик кодексте балдардын интернеттеги жана маалымат мейкиндигиндеги маалыматтарын коргоо боюнча атайын чаралар каралган. Муну биз караштырганбыз, бул демек, буга чейин эч жерде болбогон жаңылык. Эми бул иш жүзүндө кандай болоорун изилдеп көрүшүбүз керек.