Өспүрүмдөрдүн ортосундагы пикир келишпестик, анын ичинде студенттик убакта да көп кездешчү кадимки көрүнүш. Студенттердин ортосундагы чыр-чатактар бийлик үчүн күрөштөн, атаандаштыктан, бири-бирин каралоодон, кемсинтүүдөн, алдамчылыктан, ушак айтуудан, кыз (жигит) үчүн мушташуудан келип чыгышы мүмкүн.
Көп учурда өспүрүмдөр чоңдордун жардамы жок эле чыр-чатакты өз алдынча чече алышат. Чоңдордун кийлигишүүсү зарыл болгон учурда, аны тынч формада жасоо маанилүү. Өспүрүмгө басым жасабай, эл алдында кечирим сурабай, кеңеш берүү менен чектелсе жакшы. Жөн гана жанында болуу, угуу, аны түшүп жатканын билдирүү маанилүү ("Түшүнүп турам, жаман болду", "Мен деле ачууланмакмын"). Эмоциялар басылганда, бала менен кырдаалды кантип оңдоого аракет кылса болорун талкуулаш керек. Бул жерде өспүрүм ар кандай варианттар, алардын кесепеттери жөнүндө өзү ойлонушу керек.
"Чыр-чатакты өз алдынча конструктивдүү чечүү өспүрүм үчүн тажрыйба болот, ага теңтуштары менен баарлашууга жардам берет, көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөтөт, келечегине дагы пайдалуу жана анын кадыр-баркын көтөрөт", -деп баса белгиледи психолог.
Агрессия, эмоция жана чечимдери жок сезимдер
Агрессия жөн жерден эле боло бербейт. Бул адамды угууга же анын ким экенинин кабыл алынуусуна байланыштуу кандайдыр бир канааттандырылбаган муктаждык болушу мүмкүн.
"Өспүрүмдү кабыл албай, анын үстүнө урушса, анда ал агрессияга алдырат. Бала кандай болсо ошондой кабыл алынгысы келет. Ага сый мамиледе жасалса, тандоосуна мүмкүнчүлүк берилсе, басым жасалбаса, ал баарын тынч кабылдайт. Эгер ага үстөмдүк болсо, анда агрессия пайда болот", - деп түшүндүрдү адис.
Ата-энелер орто чекти табышы керек: көз жаздымда калтырбай, ошол эле учурда баланын жүрүм-турумуна өтө катуу реакция кылбай дегендей.