Эмне үчүн балаңыз менен ВИЧ жөнүндө сүйлөшүү керек? Адис менен маек

Жыл сайын 1-мартта ВИЧ инфекциясынын алдын алуу күнү белгиленет. Анын алкагында Kaktus редакциясы бала менен ВИЧ тууралуу сүйлөшүү эмне үчүн маанилүү экендиги тууралуу материал даярдады.

Кыргызстанда жыныстык жол аркылуу ВИЧ-инфекциясын жуктуруунун саны өсүүдө. Бул калктын аң-сезиминин төмөндүгүн жана алдын алуу ыкмаларына көңүл бурулбай жатканын айгинелейт. Жаштар коркунучта, анткени бардык инфекцияны жуктургандардын 50%дан ашыгы 25 жаштан 40 жашка чейинкилер. "ВИЧ" жана "секс" темалары бири-бири менен тыгыз байланышта, бирок көпчүлүгү бала же өспүрүм менен талкуулоо үчүн ыңгайсыз деп эсептешет. Ата-энелер, эреже катары, бул темалардан качууга аракет кылышат, биз жок деле баарын үйрөнүп алышат дешет. Бирок, бул мамиле такыр туура эмес. Себеби, баланын ден соолугу жана коопсуздугу анын алган маалыматынан көз каранды.
ВИЧ жөнүндө эмнени билишиңиз керек? Инфекцияга байланыштуу кандай уламыштар бар? Бул темалар боюнча балдар менен сүйлөшүүнүн эң жакшы жолу кайсы? Бул суроолорго Гемоконтакттык вирустук гепатит жана адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусун көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Айгүл Солпуева жооп берди.

- Эмне үчүн ВИЧ жөнүндө сөз кылуу маанилүү?

- Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясынын эпидемиясы концентраттык баскычта. Бул, эксперттердин айтымында, инфекция калктын негизги концентратында топтолгон дегенди билдирет. Бирок акыркы сегиз жылда ВИЧ-инфекциясынын жыныстык катнаш аркылуу жугушу көбөйүп жатканы байкалды. Башкача айтканда, инфекция жалпы калкка тарап жатат. Мурда ВИЧтин таралышы, мисалы, инъекциялык баңги колдонуучулардын тобуна мүнөздүү болгон.
маанилүү

2024-жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан 13 347 адам катталган. ВИЧ менен жашаган 3385 адам каза болгон. Алардын ичинен СПИД стадиясында – 853 адам бар.

Учурда инфекция жалпы калктын арасында барган сайын көбөйүп жаткандыктан, кыргызстандыктар ВИЧтин жугуу жолдору, оорунун алдын алуу жана башкалар жөнүндө билиши өзгөчө маанилүү. Анткени, жыныстык катнаш аркылуу жуккан ВИЧ инфекциясынын өсүшүнө калктын маалымдуулугунун төмөндүгү да таасирин тийгизген. ВИЧ – "сойкулардын жана баңги заттарды колдонуучулардын" инфекциясы деп ойлоп, адамдар коргонуу каражаттарына көңүл бурушпайт.
Мындан тышкары, интернетте көптөгөн жалган маалыматтар жана ар кандай уламыштар бар. Буга ылайык, ишенимдүү булактардан туура маалымат алуу абдан маанилүү.
- Элдин арасында кандай уламыштар айтылып жүрөт?

- ВИЧке байланыштуу уламыштар абдан көп. Маселен, бир-эки жыл мурун кинотеатрларда, отургучтарда, сейил бактарда белгисиз адамдар ВИЧ инфекциясы аныкталган кан менен шприц ийнелерин таштап жатышат деген мифтер айтылган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, адамга кокусунан ийне сайып, жуктуруп алышы мүмкүн. Мына ушундай жол менен алар инфекцияны кыргызстандыктар арасында жайылтууну каалашат, дешкен. Бирок мындай жол менен ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу мүмкүн эмес. Вирус жугушу үчүн адамдын организминин биологиялык чөйрөсүн талап кылат. Тышкы чөйрөдө ал вирус бат эле өлүп калат.

Кыргызстандыктардын арасында дагы бир миф бар. Ага ылайык ВИЧ инфекциясын үй-тиричилик байланыш аркылуу жугат дешет. Мисалы, ооруп жаткан тууганына кам көрүү учурунда. Биздин практикада ооруп жаткан жакындарын карап жүрүп, бейтапта иммундук жетишсиздиги аныкталып калса, мүмкүн болушунча тезирээк ВИЧке текшерүүдөн өтүүнү суранган адамдар бар. Дагы бир жолу кайталайын: инфекцияны абадагы тамчылар же тиричилик байланыштары аркылуу жуктуруп алуу мүмкүн эмес. ВИЧти жуктуруунун үч гана жолу бар: жыныстык катнаш аркылуу, кан аркылуу жана энеден балага. Чиркей чакканда да инфекция жукпайт. Инфекциянын булагы ВИЧке чалдыккан адам гана. Вирус чиркейдин организмине киргенде да тез өлөт.

ВИЧ кантип жугушу мүмкүн?

1. Жыныстык жол менен

ВИЧ жыныстык катнаштын бардык түрлөрүндө жугушу мүмкүн.

2. Кан аркылуу

Булганган ийнелерди же шприцтерди кайра колдонуу же бөлүшүү ВИЧти жугузуунун жогорку эффективдүү жолу болуп саналат. Кан менен инфекция жугат.

3. Энеден балага

Бала ВИЧти эне кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана эмчек эмизүү учурунда жугузуп алышы мүмкүн.

ВИЧ кандай учурда жукпайт?

1. Өбүшүү же өбүү учурунда

ВИЧ инфекциясы өбүшүү учурунда же шилекей аркылуу жукпайт.

2. Турмуш-тиричилик жолу менен

ВИЧ күнүмдүк байланышта - достор менен баарлашууда, мектепте же жумушта жукпайт. ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдын колун кысып, кучактап, бир дааратканага барсаңыз же бир стакандан суу ичсеңиз, же ВИЧ менен жашаган адам сиз тарапка жөтөлүп же чүчкүрсө, инфекция жукпайт.

3. Курт-кумурскалар чакканда

ВИЧ чиркей жана башка курт-кумурскалар чаккан учурда да жукпайт.

- ВИЧти дарылоодо жана бейтаптарды көзөмөлдөөдө кандай жетишкендиктер бар?

- Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу учурда кадимки өнөкөт ооруларга барабар. "21-кылымдын чумасы" деп көптөн бери айтылбай калган. Илим бир орунда турбайт. ВИЧ инфекциясына каршы дары-дармектерди кабыл алган адамдар кадимкидей эле жашашат: иштешет, үй-бүлө курушат, дени сак балдарды төрөшөт. АРВ-дарылары вирусту басууда жакшы эффективдүүлүктү көрсөтөт. Мезгил-мезгили менен ДСУнун сунуштарына ылайык, дарылоо схемалары жаңыланып келет.

Кыргызстанда ВИЧ илдети эң алгач 1987-жылдан катталган. Жарандарыбыздын арасында биринчи учур 1996-жылы аныкталган. Биздин өлкөдө вируска каршы дарыларды 2004-жылдан баштап ичип башташкан. Дары-дармектер бекер берилип келет. Ал эми ага чейин эмне болгонун элестете аласызбы? Адамдар керектүү дарылоо жок, каза болушкан. Буга чейин, инфекцияга каршы дары-дармектер, мисалы, ВИЧ менен жашаган кош бойлуу аялдын түйүлдүккө таасир этиши мүмкүн болгон терс таасирлери болгон. Кээ бир дарылар баш айланууга алып келсе, айрымдары адамдын организмин гормоналдык бузулууларга дуушар кылган.
Жыл сайын дары-дармектердин сапаты жакшыра баштаган. Эми аларды жаш-кары, кош бойлуу аялдар жана башка өнөкөт оорулары бар адамдар олуттуу терс таасирлерден коркпостон кабыл алса болот.
Жаңы дарылардын жардамы менен режимдер сакталса, кандагы вирустун күчү азая баштайт. Вирус канчалык алсыз болсо, инфекциянын башка адамга жугуу ыктымалдыгы ошончолук төмөн болот.

"Н барабар Н" деген түшүнүк бар. Бул учурда инфекцияынын күчү төмөн болуп, ВИЧ жукпайт дегенди билдирет. Дискорданттуу түгөйлөрдүн арасында бизде мындай көптөгөн мисалдар бар.
Дискорданттык жуп - бул бир өнөктөшү ВИЧ-терс, экинчиси – ВИЧ-позитивдүү болгон жуп.
АРВ терапиясынын жана байланышка чейинки профилактикада (ВИЧ-терс адамдар тарабынан антиретровирустук препараттарды кабыл алуу) мындай жубайлар бала жасоону пландаштыра алышат. Биздин практикада аялдар ВИЧ инфекциясы жок балдарды төрөгөнү боюнча көптөгөн жакшы мисалдар бар.

- ВИЧ менен жашаган кыргызстандыктардын укуктары тууралуу айтып берсеңиз.

- Мыйзамдарда ВИЧ менен жашаган адамдардын укуктары жана милдеттери так жазылган. Башка кыргызстандыктардай эле алар гумандуу, сый мамиле жасоого, билим алууга, ишке орношууга жана башкаларга укуктуу. ВИЧке чалдыккан бала бала бакчага, мектепке барууга, жайкы лагерге барууга укуктуу. Чоңдор - жумушка орношууга. ВИЧ менен жашаган адамдардын укуктары эч кандай бузулбашы керек. Жакында ВИЧ менен жашаган кыргызстандыктарга бала асырап алууга уруксат берилди.


маанилүү

ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдар эмнеге укуктуу:


  • бул ооруга байланыштуу адамдын кадыр-баркын кемсинтүүнү жокко чыгарган урмат-сый жана гумандуу мамилеге;
  • Мамлекеттик кепилдиктер Программасына ылайык сапаттуу медициналык жардам жана дары-дармек менен акысыз жана жеңилдетилген шарттарда камсыз кылуу;
  • ыктыярдуу, анонимдүү жана жашыруун медициналык текшерүүгө;
  • ВИЧ боюнча медициналык текшерүүнүн тартиби жана анын натыйжалары жөнүндө толук маалымат алууга, ошондой эле тестке чейинки жана тесттен кийинки психосоциалдык консультация алууга;
  • оорунун мүнөзү, мониторинг жана дарылоо ыкмалары жөнүндө ишенимдүү жана толук маалымат алуу, инфекцияга байланыштуу укуктарды билүүгө;
  • мыйзамда белгиленген тартипте социалдык камсыздоого жана көрсөтүлгөн кызматтарды колдонууга;
  • квалификациялуу юридикалык жардам жана психологиялык колдоо алууга;
  • сексуалдык жана репродуктивдүү укуктарды ишке ашырууга;
  • республиканын өкмөтү бекиткен атайын тизмеде белгиленген адистиктер боюнча жана кызматтарда иштөөнү кошпогондо, кесиптик билим берүү, кайра даярдоо жана тандап алган кесиби боюнча эмгектенүүгө;
  • медициналык текшерүү, дарылоо жана байкоо жүргүзүүдө дарыгерди жана саламаттыкты сактоо уюмун эркин тандоого укуктуу.

ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдар ВИЧ инфекциясынын башка адамга жугушун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.


ВИЧ инфекциясы бар адам башка экинчи адамга вирусту жуктуруп алуу же башка адамды (же бир нече адамды) жуктуруу коркунучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.


Инфекцияны жуктурууга күнөөлүү адам ошондой эле жабыркаган адамга медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүгө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтурат.

- Стигма деген эмне жана ВИЧ менен жашаган адамдарга карата дискриминация кантип пайда болот?

- Стигма которгондо "эн белги" дегенди түшүндүрөт. Бул адамга же адамдардын тобуна терс социалдык ролду таңуулоо процесси. Эмне үчүн стигма пайда болот? Коркунучтан улам. Ал өз кезегинде билбестиктен, маалыматтын жоктугунан келип чыгат. Адам вирус кандай жол менен жугуп, тарап жатканын билбейт. ВИЧ менен жашаган адамдар ага коркунуч жаратат деп ойлойт. Кээде адам башка бир ВИЧ жөнүндө маалыматы жок болгон адамдын ишин, аракетин кайталайт.
Билимдин жетишсиздиги, учурдагы мифтерге ишенүү, калк арасында инфекция тууралуу стереотиптер ВИЧ менен жашаган адамдарды басмырлоого алып келиши мүмкүн.
Биз ВИЧ позитивдүү адамдарга карата стигманын жана дискриминациянын өтө оор кесепеттерине туш болуп жатабыз. Мисалы, жаш аялда ВИЧ диагнозу коюлган. Ал коомчулуктун инфекцияга болгон терс мамилесинен уялып баштайт. Өзүн-өзү басмырлоо башталат. Анда вирус аныкталганын жакын туугандары, кайненеси билип калат деген кооптонуу болот. Мындан улам, ал аял ВИЧке чалдыкканын жашырып, АРВ препараттарын ичпейт. Себеби, балким, күтүлбөгөн жерден бири көрүп, бул дарылар эмне деген суроолор пайда болушу мүмкүн. Натыйжада, ал ВИЧке чалдыккан балдарды төрөп, аялдын өзүндө оору күчөп, оор кесепеттерге алып келиши ыктымал.
маанилүү

Азыр ар бир адам ар кандай маалыматка ээ, анткени дээрлик ар бир адамдын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Өлкөдө көптөгөн жогорку окуу жайлары бар. Ал эми теориялык жактан алганда, билимдүү адамдар көп болушу керек. Бирок, адамдардын ВИЧ тууралуу маалыматы аз.

Биздин практикадан дагы бир мисал келтирейин. ВИЧ илдети өспүрүм кыздан аныкталган. Атасы ага каттоого турууга жана дары ичүүгө тыюу салган. Себеби, ал аткаминер жана жумушта кимдир бирөө кызынын абалын билип калат деп корккон. Кыздын абалы оорлоп, дарыгерлер кийлигишкенде СПИД борборлорунун адистери жана юристтер тартылган. Ошондон кийин гана жана кыз өзүн абдан жаман сезип жатканын көрүп, атасы АРВ терапиясына уруксат берген. Бактыга жараша кыздын абалы жакшырып калды.

Бул басмырлоодон коркуунун эң сонун мисалы. Биздин борборго келип, өздөрүнүн ВИЧмакамын билгендердин көбү кандайдыр бир уят иш кылгандай сезимде болушат.
Адамдар бул статусун башка бирөө билип калуусунан коркуп: "Андан көрө өлгөн жакшы" деп айткандар болот. Ошол эле учурда ВИЧ менен жашагандар канчалык аз дарыланса, инфекция калкка ошончолук тез тарайт. Кайталап айтам: ВИЧ позитивдүү адамдар башкалар үчүн коркунучтуу эмес. Дары-дармектерди кабыл алуу вирусу аныкталбай калганга чейин азайтууга мүмкүндүк берет. Сиздин колдооңуз жана түшүнүүңүз көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап, алардын жашоо сапатын жакшыртат.
- Балага ВИЧ жөнүндө качан жана кантип айтуу керек?

- Стигма жана дискриминацияга каршы күрөштө билим берүүнүн ролу чоң. Балдарга ВИЧ тууралуу өспүрүм кезинен, 12-13 жаштан баштап айта башташ керек. Муну ким, мектеп же ата-эне айтышы керекпи деген пикирлер экиге бөлүндү. Мен комплекстүү мамиле керек деп эсептейм: маалыматты мектептен алуу керек, бирок ата-энелер да бала менен ишенимдүү мамиле түзүп, иммундук жетишсиздик вирусу, анын жугуу жолдору, алдын алуу жөнүндө сөз кылышы керек. Басмырлоого жол берилбестиги, ВИЧ менен жашаган адамдарга карата гумандуу, толеранттуу мамиле жөнүндө сөз кылуу маанилүү. Албетте, бул жерде бир гана сөз аз. Кандайдыр бир негиздер боюнча басмырлоого жол берилбестигин өзүбүздүн мисалыбыз менен көрсөтүшүбүз керек.

Эсиңизде болсун: бала ата-энесинен же мектептен албаган маалыматты интернеттен издейт же теңтуштарынан сурайт. Ал маалыматтар мифтер жана туура эмес түшүнүктөр эмес, туура, так маалымат болот деген кепилдик жок.

Дагы бир жагдай: эгерде бала унчукпаса жана бул темалар боюнча суроолорду бербесе – бул ата-энени ойлонтушу керек. 12-13 жашта жыныстык тарбия темасында суроолор пайда болушу зарыл. Бул бала өзүнүн суроолоруна өзү жооп издеп жатканын билдирет. Ал эми бул, мен айткандай, жалган маалымат алуу коркунучун жаратат. Өзүңүз демилге көтөрүп, балаңызга секс, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар, ВИЧ, коргонуу ыкмалары тууралуу айтып бериңиз.
Өспүрүм менен сүйлөшкөндө аны эч кандай коркутууга, "21-кылымдын чумасы" сыяктуу сөздөрдү колдонууга болбойт, бирок инфекциянын коркунучун азайтуунун кереги жок. Чынчыл жана так болуңуз.

ВИЧ сыяктуу өнөкөт оору бар экенин, анын өзгөчөлүктөрү тууралуу, иммундук жетишсиздик вирусуна каршы атайын дарылар бар экенин айтыңыз. Презервативди колдонуу канчалык маанилүү жана баңгизатты колдонуу кандай коркунучтуу экенин эскертиңиз. Бул темалар боюнча сүйлөшүүдөн тартынбаңыз жана коркпоңуз. Суроолорго жооп берип жатып күлүүгө аракет кылбаңыз. Татаал суроолордон качпаңыз.

Балаңыз менен баарлашкан тилиңиз ага түшүнүктүү болушу керек, татаал терминдерди колдонбой сүйлөңүз. Балаңызды кичинекей кезинен эле сергек жашоого, спортко үйрөтүңүз. Балаңызды жок деп айтууга, өзүн жана денесин сыйлоого үйрөтүңүз.

- Класста ВИЧке чалдыккан бала болсо эмне кылуу керек?

- Адатта, бала бакчада же мектепте балада ВИЧ инфекция бар экенин эч ким билбейт. Диагнозду ачыкка чыгаруу мыйзам чегинде жазаланат. Бирок кандайдыр бир жол менен статусту билинип калган болсо, анда биринчи кезекте ВИЧ шилекей, өбүшүү, кучактоо, жалпы нерселерди колдонуу аркылуу жукпай турганын эстен чыгарбоо керек. Кээ бир ата-энелер ВИЧ менен жашаган бала башка вируска чалдыкпаган баланы кансыраганча тиштеп алышы мүмкүн деп кооптонушууда же тескерисинче. Кайталап айтам: ВИЧ шилекей аркылуу жукпайт. Ал эми адамды тиштеген учурда жабырлануучуга инфекцияны жуктуруу үчүн кандын чоң көлөмү керек. Адам адамдын бир денесин тиштегенде андай чоң көлөмдө кан чыкпайт.

Бала мектептен келип, классташы ВИЧке чалдыкканын айтты дейли. Анын эмне экенин кантип түшүнөрүн сураңыз. Алынган жооптордун негизинде туура маалымат бериңиз, ВИЧке чалдыккан бала башкалардай экенин түшүндүрүңүз.

Мугалим башка балдарга үлгү болуп, ВИЧке чалдыккан балага башкалар менен бирдей мамиле кылышы керек. Ал, мисалы, баланын колун кармаса болот. Эч кандай коркунуч жок экенин түшүндүрүп, көрсөтүңүз. Бул маселе боюнча балдардын суроолоруна туура жооп берүү маанилүү.

- ВИЧ менен жашаган кыргызстандыктардын ийгилик тарыхы менен бөлүшсөңүз.

- Биздин бактыга жараша, көптөгөн ийгиликтүү окуялар бар. Акыркы жылдары ВИЧ инфекциясы менен жашагандар коомчулуктун айыптоосунан коркпой, статусун ачык айтып жаткандар көбөйдү. Алардын үлгүсү менен алар стигма жана башка адамдарга карата басмырлоо менен күрөшүүдө маанилүү роль ойношот. Менин практикамда адамдардын бул инфекцияга болгон мамилесин өзгөрткөн мисалдар бар.

Анын бири мына.

Гемоконтакттык вирустук гепатит жана адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусун көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун сайтында ВИЧ менен жашаган Мараттын (аты өзгөртүлдү) окуясы жарыяланды. Бир нече жолу жигит өмүр менен өлүмдүн ортосунда болгон. Бирок үй-бүлөсүнүн жардамы жана туура терапия анын аман калышына жардам берген.

Марат ВИЧти кантип жуктурган?

Марат 2006-жылы катуу күйүк алат. Тез арада ооруканага барууга туура келет. Райондо күйүктөрдү кабыл алган бөлүм жок болгондуктан, аны облустар аралык балдар ооруканасына жөнөтүшөт.

"Биз ал жерде 22 күн жаттык. Дарыгерлер күйгөн ткандар тезирээк калыбына келиши үчүн кан куюу керек экенин айтышып, бул процедура коопсуз экенин түшүндүрүштү. Мен дарыгерлер өз ишин жакшы билишет деп, аларга ишендим", - дейт Мараттын апасы Тамара (каармандын аты өзгөртүлдү).

Марат ооруканадан чыккандан кийин бат-баттан ооруй баштайт. Жакындары бул көрүнүш ВИЧке байланыштуу экенин бир нече жылдан кийин гана билишкен.

"Марат суукка көп учурап, бат-баттан жүрөгү айланып, дене табы көтөрүлө баштады. Дарыгерлерге көрсөтсөк, ийиндерин куушуруп, болгону иммунитети начар экенин айтышып, витамин ичүүсүн сунушташты. Анан ооруканаларга тынымсыз каттай баштадык, уулумдун абалы күндөн-күнгө начарлап баратты. Биз ушунча ооруканаларды кыдырдык дейсиз, саны эсибизде жок. Бирок бардык көрсөткүчтөр ВИЧке текшерүүнү талап кылып турса дагы, эч жерде ВИЧ инфекциясына анализ тапшырууну талап кылышпады", - деп сөзүн улады апасы.

2016-жылы Марат катуу сыркоолоп, Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылат. Кургак учук оорусуна шектенүү болгон. А бул учурда бейтаптар ВИЧ инфекциясына текшерүүдөн өтөт. Жыйынтыктар бир-эки күндүн ичинде даяр болушу керек эле.

"Жумуш менен оорукананын ортосунда ары-бери жүрдүм. Эртең менен жумушка жөнөп кетем, кечинде баламдын жанына келип түнөйм. Бир күнү жумуштан чыгып, адаттагыдай баламдын жанына келдим. Палатада аны менен чогуу жаткандар баламда ВИЧ бар экени тууралуу шыбырашып жатканын уктум. Мен жокто медайым келип, баарынын көзүнчө кайра, бизди ВИЧке тест тапшырышыбыз керектигин айтып кетиптир",-деп Тамара көзүнө жаш алды.

Марат ВИЧке кайрадан анализ тапшырат. Бирок экинчи ирет дагы жыйынтыгы так чыкпай калат: анализдин пробиркасы аралашып же жоголуп кеткенин айтышат. Бейтапканадан чыккандан кийин медайым Мараттын ата-энесине чалып, баласында ВИЧ инфекциясы жок экенин айтат.

Үй-бүлө кичи мекенине кайтууну чечишет. Марат өзүн бир аз жакшы сезип калат. Бул учурда апасы Россияга жумуш маселесин чечүүгө жөнөп кетет. Эки жумадан кийин кайра ага телефон чалышып, баласында ВИЧ инфекциясы бар экенин айтышат.

"Марат кайрадан ооруканага түштү, ал жерден тез арада ВИЧке анализ тапшырдык, жыйынтыгы оң болуп чыкты. Бардыгыбыздан анализдер алынды, бизде болсо жыйынтыгы терс чыкты. Мен бул арада чет өлкөдө элем, жашоом бир заматта өзгөрдү. Бул оору тууралуу маалыматым жетишсиз болгондуктан, депрессияга түшүп кеттим. Ошол учурда баламдын жанында боло албай, ага колдоо көрсөтө албай, абалым ого бетер оорлошту", - дейт Мараттын апасы.

Эмне үчүн борбордогу оорукана балада ВИЧ инфекциясы бар деп түз айтпаганы белгисиз бойдон калган. Тамаранын айтымында, балким, алар кандайдыр бир себептерден улам унчукпай коюуну чечишкен.

"Бир нече жылдардан кийин, мен ал ооруканадагылардын баары балам ВИЧке чалдыкканын билишкенин түшүндүм", - дейт Тамара.

Анын салмагы 16 килограммга чейин түшүп, эки эле көзү калган

Мараттын үй-бүлөсү анын статусу тууралуу билгенден кийин, дароо шаарга барып дарылатууну баштоо чечими кабыл алынган. Ар бир күн ал үчүн акыркы болуп калышы мүмкүн эле. Мараттан кургак учук жана гепатит табылган. Дары-дармек бекер болгону менен анын ата-энеси баласынын ден соолугун каратыш үчүн үйүн, автоунаасын сатканга туура келген. Үй-бүлө бул үчүн көп убакытты кетиришкен.

"Марат ошол учурда аябай алсырап, өз алдынча баса албай калган. Биз аны көтөрүп жүрдүк. Ал 12 жашында болгону 16 гана килограмм болуп, эки көзү жана сөөгү эле калган. Негизи анын жашындагы балдардын салмагы 40 килограмм болушу керек да. Балама антивирустук терапия дайындап, ага кошумча кургак учук менен гепатитке каршы дары жазып беришти. Ошентип, биздин жашоо үчүн узак эки жылдык күрөшүбүз башталды. Биз бул убакытта башыбыздан эмнени өткөрдүк бир Кудай гана билет. Бизге дарыгерлер өтө чоң жардам беришти. Алар баламды күнү-түнү карап, дарыларды бекер беришти. Балам бир уучуна батпаган дарыны ичип турууга туура келди. Санаганымда бир ичкенде ар кандай 27 дары ичип атты. Анын ичинде АРВ препараттары, кургак учуктун дарылары бар. Дарыгерлердин көмөгү менен Мараттын абалы күн сайын жакшырып жатты", - деди апасы.
АРВ препараттарын Марат бекер алат. Ал үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан эки айда бир жолу бир нече айга жете турган дарыларды алып кетип турат. Кээ бирде дарыларда апасы же атасы алып кетет.
Антивирустук дарылар анын өмүрүн сактап калганын Марат өзү да билет. Күн сайын дары ичүү ага адат болуп калган. Бирок кээ бирде унутуп калган да учурлары болот.

"Ал "апа, эми булар дагы канчага чейин созулат?" деп сурайт. Ал жинденбейт болгону кээде тажап кетет. Анан кайра "маңдайыма ушундай жазылган экен" деп сооронот".

ВИЧ менен жашаган жаштар жана өспүрүмдөр чоңойгон сайын алдыда жашоосу тууралуу көп ойлонушат. Көпчүлүгү өздөрүнүн статусу тууралуу башкаларга кантип айтууну, дос-тааныш, кыз же жигит таба алары тууралуу суроо беришет. Ушул куракта аларга колдоо жана мээрим берүү маанилүү.

Коомдун милдети – дискриминация кылбай аларга колдоо көрсөтүп, жаштарга ВИЧ менен кантип жашоо керек экенин үйрөтүү керек. Алардын ар бири ВИЧ - бул бир гана коркуу эмес, ал адамдарга кам көрүү жана мээрим төгүү экенин түшүнүшү зарыл.

Ден соолук? Социалдык тармактарда бөлүшүү: