Физиологиялык жактан да, моралдык жактан да жаш кыздар төрөткө, эне болууга даяр эмес.
Кандай гана чечим кабыл алынбасын, анын кесепеттеринен толук качып кутулган учур сейрек кезедешет:- бойдон алдыруу олуттуу психологиялык жаракат болуп саналат;
- кийинки төрөт менен кыйынчылыктар болушу мүмкүн, мисалы, тукумсуздук;
- гормоналдык баланс бузулат;
- иммунитет төмөндөйт, эндокриндик системанын дестабилизациясы пайда болот;
- жатындын начар өнүккөндүгүнө байланыштуу, анын тешилип калуу коркунучу жогору;
- олуттуу сезгенүүнү өнүктүрүү коркунучу бар;
- уруктанган жумуртканы толук эмес алып салуу мүмкүнчүлүгү бар;
- менструалдык циклы бузулат.
Кош бойлуулукту сактап калган учурда болсо, кыз төмөнкү көйгөйлөргө дуушар болушу мүмкүн:
- жашоосунун кадимки жолун жана ритмин өзгөртүү;
- кыздын психикалык жактан даярдыгы жок балага кам көрүү зарылчылыгы;
- башка адамдардын айыптоосу менен шартталган психологиялык дискомфорт;
- каражаттын жетишсиздиги, бардык эле ата-энелердин жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү боло бербейт, кээ бирлери жардам берүүдөн таптакыр баш тартышат;
- кыздын эмоционалдык жетиле электигинен балага энелик сезимдин жоктугу.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы неонатологу
Сагынбу Абдувалиева тобокелчиликтерди алдын алуу үчүн үй-бүлөнү пландаштырып, балдардын төрөлүшүнө алдын ала даярдануу керектигин эскертет.
Баланы пландоо баскычында текшерүүдөн өтүү өтө маанилүү.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдар тамактануу адаттарынан жана башка факторлордон улам аз кандуулукка кабылышат. Аз кандуулуктун, глобалдык экологиялык кризистин жана экономикалык көйгөйлөрдүн фонунда аялдын ден соолугунда бир топ көйгөйлөр бар. Ал эми аялдын ден соолугунун абалы бүт өлкөнүн ден соолугуна таасир этет.
Жубайлардын экөөнү тең текшерүү керек, анткени перинаталдык мезгилге мүнөздүү инфекциялар бар, мисалы, цитомегаловирус, герпес мээге, өпкөгө жана өнүгүү кемчилигине алып келиши мүмкүн. Парвовирус өтө кооптуу, бул өнүгүүнүн оор кемчиликтерин, анын ичинде буту-колдун жоктугун пайда кылат.
Жыныстык жол менен жугуучу кургак учук, хламидиоз, микоплазмоз, ВИЧ, сифилис, гонорея, ошондой эле бактериялык инфекцияларды дагы эстен чыгарбоо өтө маанилүү.
"Бүгүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана бүткүл дүйнө жүзү патологияларды, түйүлдүктөгү алгачкы өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн алгач 8-жумада, андан кийин 10-12-жумаларда скринингден өтүү зарылдыгын айтышат. Анткени биздин өлкөдө 18 миң аял бир жылда эки жолу төрөйт. Бул өзүбүзгө өтө кылдаттык менен мамиле кылбай, ден соолугубузга көңүл бурбай жатканыбыздан кабар берет. Үй-бүлөдө жоготуулар, тубаса патологиялык көйгөйлөр болгон күндө дагы, кийинки баланын тобокелдигин аныктоо үчүн Кыргыз улуттук репродукция борборунан толук текшерүүдөн өтүү керек", - деп баса белгилейт неонатолог.