- Эмне үчүн өспүрүм мындай заттарды колдоно баштайт?
- Үйүндөгү, балким теңтуштарынын арасындагы психологиялык жагымсыз жагдайдан улам... Башкача айтканда, өспүрүмдө качып кутулгусу келген бир көйгөй бар. Бул заттарды колдонуу менен ал көйгөйлөрүнөн жашынат, ага баары бир болуп калат дегендей. Ошондуктан, психологиялык көз карандылык бат өрчүйт. Көбүнчө, өспүрүмдөр кандайдыр бир абалдан чыгуу жолун көрбөгөндө айтылуу заттарды колдоно башташат. Маселени кантип чечсе болорун билишпейт, чоңдорго, адистерге кайрылуудан коркушат.
- Сиз жогоруда никотинге болгон көз карандылык тууралуу дагы айта кеттиңиз. Эми ошого токтолсок.
- Психоактивдүү заттарды колдонуудан тышкары, никотинге болгон көз карандылык кооптондурат. Бул насвай, чайнай турган тамеки, эң негизгиси электрондук тамеки. Балдар булардын зыяны жок деп ойлойт, дал ушунун өзү көйгөй.
- Болжол менен өспүрүмдөр канча жашынан тамеки тарта башташат?
- Абдан эрте куракта. Азыр электрондук тамекилер жеткиликтүү. Анын үстүнө алардын жыты даамдуу, ата-эне байкабай калат. Бизге 10,11 жада калса 9 жаштагылар кайрылат. Баланын түшүнүгү боюнча, ал өз чөйрөсүндө лидер болуп саналат. Башталгыч класстардан бир жолу колдонулуучу вейптерди тартып алуу менен тарбия берип жатканын айтат. Канчанчы класс экенин сурасаң, 3-4 класс болуп чыга келет. Элестетиңиз, бул курактагы балдарга электрондук тамекилер сатылат экен. А тиги бала тартып алган тамекилерин, башкаларга сатат.
- Бул кандайдыр бир модабы, азыркыга чейин актуалдуубу?
- Бул мода, бул таттуу. Мага таттууларду электрондук тамеки менен алмаштырып жатканын айткан өспүрүм кыздар келишет. Мындайча айтканда, алар арыктагысы келгендер, кайсы бир жерден "никотин табитти төмөндөтөт" деп окушкан. Анан электрондук тамеки аркылуу алар арыктоого аракет кылышат, айталы, аны менен таттуулардын ордун алмаштырып жатам дешет. Бул даамдуу, таттуу, тамеки же түтүн жытынбайт, демек, жашыруу оңой. Эң коркунучтуусу, кадимки тамекини сыртта туруп эки мүнөт тартып алып, анан бир жайга кирсең, электрондук тамекини класста, үйдүн бир бөлмөсүндө, үйгө баратканда, аялдамаларда жана коомдук транспортто чегүү мүмкүн. Мындайча айтканда, бардык жерде жеткиликтүү. Алардын колунан бул тамекилер түшпөйт, көз карандылык тез, интенсивдүү түрдө пайда болот, анан организмге олуттуу зыянын тийгизет.
- Муну дарыласа болобу?
- Ооба, дарыласа болот. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн нерв системасы толук калыптана электиги жана көз карандылык мезгилинин анчалык узак болбогону өзгөчөлүк болуп саналат. Анын үстүнө балдар ата-энелеринин көзөмөлүндө. Убагында көңүл буруп, дарыгерге алып барып, психологиялык коррекция жасай баштаса, анда баланын көңүл буруу векторун, ой жүгүртүүсүн бир аз өзгөртүп, эмнеге мынча эрте өзүнө зыян келтирип жатканын түшүндүрсө болот. Башка жол менен деле "крутой" болуу мүмкүн. Башкача айтканда, 10 жыл же андан ашык тамеки чегип жүргөн убакытка караганда, бул куракта дарылоо алда канча жеңил өтөт.
- Ата-энелер баласы тамеки чегип же заттарды колдонбошу үчүн алдын ала кандайдыр бир иштерди жасаса болобу?
- Албетте, болот. Профилактикалык лекцияларыбызда балага эрте курагынан "жок" деп айтуу жөндөмүн үйрөтүү маанилүү экенин баса белгилегенге аракет кылабыз. Көп учурда тамеки чеккен, заттарды колдонгон топторго "мындан башка эч нерсе менен айырмалана албайм" деп эсептеген балдар кошулушат. Алар айтылуу топтун жасаганын жасабаса, кабыл алынбай, четке кагылышы мүмкүн. Ошондуктан, "жок" деп айта билүү жана индивидуалдуулукту калыптандыруу абдан маанилүү, бала өзүнүн башка чөйрөдө "крутой" экенин билиши керек, айталы, сүрөт тартуу же футбол ойноо жөндөмү бар дегендей. Мындайча айтканда, бала бир нерсеге кызыгуусу зарыл.
Экинчиден, ата-эне өзү үлгү болушу керек. Айталы, балага ата-энеси тамеки чегүү жаман экенин айтып, бирок өзү сыртка чыгып тамеки чексе, анда бул сөздөрдүн эч кандай таасири болбойт. Тамеки тарткан ата-эненин баласы маалыматты минтип кабылдайт: өзү тамеки чегет, демек, эч нерсе деле болбойт турбайбы. Ата-эненин үлгү болушу чоң роль ойнойт. Жөн гана "жок" деп айтууга ата-эне өзү үлгү болушу керек. Эгерде адам өзү спорт менен машыкса, кандайдыр бир хоббиси болсо, ырахат алуунун башка жолдорун билсе, өзүнүн индивидуалдуулугун позитивдүү жолдор менен билдирсе, анда көз карандылыкка байланышкан көйгөйлөр жаралбайт, анткени, ал үчүн эч кандай зарылчылык жок.
- Демек, учурда коркутуу менен тарбиялоонун кажети жок болуп калдыбы?
- Албетте, кажети жок. Бул эч качан актуалдуу болгон эмес. Балдардын алдыңкы мээси жакшы өрчүй элек болот. Алар үчүн "рак" башка бирөөнүн көйгөйү, алар ага туш болбойт. Бир, эки же үч жылдан кийин эмне болору тууралуу ойлонуунун зарылчылыгын түшүнүшпөйт. Алар үчүн эң негизгиси бүгүн текшерүү ишти тапшыруу, бүгүн досторунун алдында өзүн көрсөтүү. Баланын ой жүгүртүүсү келечекке багытталган эмес. Физиологиялык жактан ушундай түзүлгөн.
- Кумар оюндарына, ставкаларга берилип кеткен балдар, башка контингенттеги балдарбы? Мисалы, ал жерде "крутой" экениңди көрсөтүүнүн зарылчылыгы жок дегендей.
- Негизинен көз карандылыктын бир эле механизми бар. Биринчиден, коркунучтуу жүрүм-турумга баруу тобокелдиги, экинчиден, бир нерседе өзүн ырастоо каалоосу. Башкача айтканда, ставкаларды койгон бала, утуп алганда же туура божомолдогондо, дофамин менен серотониндин эбегейсиз бөлүнүп чыкканын сезет. Тез бөлүнүп чыккан дофамин, тез ырахат тартуулайт. Жалпысынан, бул жердеги механизм психоактивдүү заттар менен болгон механизмге окшош.
Көбүнчө, ставкаларга көз карандылык пайда болгон балдар жана өспүрүмдөр кайрылганда, ал жерде тукум куучулук аныкталат. Сурай келгенде, ата-энесинде ар кандай коркунучтуу жүрүм-туруму бар экенин түшүнөсүң: казинолор, букмекердик оюн, спирт ичимдиктерин ичүү же башка психоактивдүү заттарды колдонуу. Бул өз учурунда эмоционалдык жарылууну берет. Көбүнчө балдар өздөрүндө эмоцияларды топтоп жүрө беришет, анан кандайдыр бир учурда, "жеңил ырахаттардын" түрлөрүн колдонуу аркылуу ал топтолгон эмоцияларынан бошонушат. Бул чыңалууну жеңилдеткен сыяктуу.