Эгерде баары жакшы болсо, АИВге чалдыккан адам эки жыл үзгүлтүксүз байкоодон өткөндөн кийин дароо алты айга дары ала алат.
- Өспүрүм дарыгерге ата-энеси менен келиши керекпи?- Ооба, өспүрүмдү дарылоо үчүн расмий өкүлдүн, камкорчусунун же ата-энесинин макулдугу керек.
- Үзгүлтүксүз медициналык кароонун жана дарылоо пландарын сактоонун ролу кандай?- АИВ-инфекциясын дарылоо эффективдүү, адамдар узак өмүр сүрө алышат, болгону белгилүү бир жагдайлар сакталышы керек. Бул дарыгерлердин сунуштарын үзгүлтүксүз, өз убагында аткарууну талап кылат. Бул дары-дармекти так белгиленген дозада жана так белгиленген убакта, күн сайын кабыл алуу болуп саналат. Эгерде адам дозаны өткөрүп жиберсе же дарыларды өз убагында ичпесе, бул вирустун дарыларга туруктуу болуп калышы сыяктуу кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Тактап айтканда, келечекте дарыларды үзгүлтүксүз ичкен күндө дагы, натыйжа бербей калышы мүмкүн.
Биз бейтаптар дарылоонун үзгүлтүксүз, бузбай кармануусун камсыз кылуу үчүн иштейбиз. АИВ- инфекциясын дарылоодо негизги эффект 90% бейтаптын өзүнөн, ал эми 10% гана дары жазып, туура кеңеш берген дарыгерден көз каранды.
Дарылоонун натыйжалуулугун баалоо үчүн вирустук жүктөм боюнча атайын тесттерди өткөрөбүз. Натыйжалардын негизинде бейтаптын дарыларды ичкенин же ичпегенин, дарылардын таасири барбы же жокпу, аны так көрө алабыз. Бизде атайын "Ден соолук плюс" тиркемеси бар, анда дарыны кабыл алуу үчүн эскертме берип турууну орнотсо болот. Кошумчалай кетсек, ал жерден АИВ-инфекциясы тууралуу көптөгөн маалыматтарды алса болот. АИВ менен жашаган кээ бир адамдар тең педагог болуп иштешет, ошондой эле өздөрүнүн жеке тажрыйбасынын негизинде кеңеш, жардам жана колдоо көрсөтөт. Дарылоо боюнча көп иштер аткарылып жатат.
- Стигмага жана дискриминацияга кантип туруштук берүү керек?- Стигма жана дискриминация абдан татаал маселе. Дээрлик 20 жылдан бери калкка ар кандай туура эмес булактардан АИВ-инфекциясы айыккыс өлүмгө алып келүүчү оору экени, инфекция "адепсиз жүрүм-турумдун" натыйжасы, ал баңгизат колдонуучулардын оорусу экени тууралуу маалымат таркатылып келет. Бул АИВ менен жашаган адамдарга карата стигма жана дискриминацияга алып келди. Бейтаптардын 90%дан ашыгы АИВ менен жашап жатканын айтуудан коркушат.
Биз негизги топтор эмес, карапайым адамдар стигманы жана дискриминацияны азайтышы үчүн өздөрүнүн статусу жөнүндө айтышын каалайбыз. Калк АИВ инъекциялык баңгизатын колдонуучуларда гана пайда болушу мүмкүн эместигин, андан эч ким корголбогонун түшүнүшү керек.
АИВ менен жашаган адамдары көп Африка өлкөлөрүндө стигма же дискриминация дээрлик жок. Биздин өлкөдө В жана С вирустук гепатиттерине карата ошондой көрүнүш. Жүз миңдеген адамдар оорушат, ошого карабастан гепатит менен ооругандарга карата стигма жана дискриминация өтө төмөн. Бул адамдардын АИВ-инфекциясына туш келбегенин көрсөтүп турат. Ошол эле учурда биздин өлкөдө ар бир адам вирустук гепатит менен ооруган адамды билет. АИВ-инфекциясы боюнча дагы ушундай абалга жол бербешибиз керек, болгону АИВ-инфекциясын жуктуруп алган адамдарга урмат-сый менен мамиле жасашыбыз зарыл, анткени алардын башка адамдардан эч кандай айырмасы жок.
- Коопсуз жыныстык катнаштын эрежелерин, ошондой эле байланышка чейинки профилактиканы эскерте кетсек.- АИВ-инфекциясы аба аркылуу жукпайт. Бул адамдын аң-сезимдүү жүрүм-турумунун инфекциясы. Мисалы, АИВтен коргонуу үчүн жөн гана презерватив колдонуңуз. Бул эң маанилүү коргонуу. Алар 100% АИВ-инфекциясынан жана башка жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан, ошондой эле каалабаган кош бойлуулуктан сактайт.
Мындан тышкары, бизде байланышка чейинки профилактика бар: адам кандайдыр бир жыныстык катнашка барардын алдында же коркунучтуу жүрүм-турумдун алдында дары-дармектерди ичет.
Эгерде адам корголбогон жыныстык катнашка барышы мүмкүн экенин түшүнсө, же ийне аркылуу баңгизатын колдонууга ниети болсо, анда бул учурда биз ага байланышка чейинки профилактиканы сунуштайбыз. Адам дары алат, аны күнүнө бир таблеткадан ичет. Ал адамдын иммундук жетишсиздик вирусун жуктуруп алуудан ушул жол аркылуу коргоно алат.
Бизде ошондой эле байланыштан кийинки профилактика бар. Кандайдыр бир кооптуу байланыш болгон учурда, 72 сааттын ичинде дарыларды алып, АИВ-инфекциясын алдын алуу мүмкүн. Бул профилактика республика боюнча жеткиликтүү. Иш күндөрү медициналык мекемелерге - адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борборлоруна же поликлиникага барган оң. Дем алыш күндөрү болсо, тез жардам көрсөтүү кызматы аркылуу жардам алууга болот.
- Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук инфекцияларды жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дареги: Бишкек ш., көч. Логвиненко, 8;
- Телефон аркылуу маалымат: +996 312 30 07 53.