Эгер муну өзүм эле жасайм десеңиз, анда бул тууралуу өспүрүм менен маектешиңиз. Ачык жана токтоо маектешүү керек. Ошондо баары жакшы болоруна кепилдиктер көбүрөөк болот. Деги эле, секс жөнүндө жай отуруп сүйлөшүү керек. Бул теманы жаап-жашыруунун кереги жок. Балага бул башка мамилелердин түрү сыяктуу эле нерсе экенин түшүндүрүү зарыл. Башкача айтканда, достук мамиле болорун, бала-ата-эне ортосундагы мамиле болорун, ал эми секс да ушундай мамиленин бир бөлүгү экенин айтуу керек.
- Балаңызды порно көрүп жаткан жеринен кармап калсаңыз эмне кылуу керек?
- Эгер улуураак өспүрүм болсо, ага суроо бербеңиз, кийлигишпеңиз. Эгерде жаш өспүрүм болсо, анда отуруп алып, бул кино индустрия экенин, ал эми жашоодо кинодогудай боло бербей турганын түшүндүрүңүз. Муну сөзсүз түрдө айтыш керек. Анткени, кээде мага чоңдор үчүн тартылган тасмаларды көргөндөн кийин катуу жаракат алган жаштар кайрылат, алар өздөрүн жана денесин фильмдеги каармандардыкы менен салыштыра башташат, алардыкы башкача экенин түшүнүшөт, бизде бир нерсе туура эмес деп кабатырланышат, өзгөчө эркек балдар. Мен ата-энелеринин ордуна аларга мындай деп түшүндүрөм: ал жерде көрсөтүлгөн нерселер чындыкка таптакыр дал келбейт.
- Баланын эмне көрүп жатканын билүү үчүн телефонун алса болобу?
- Негизинен эле уруксаты жок башка бирөөнүн эч нерсесин албаш керек. Биз муну балдарыбызга үйрөтөбүз. Анан албетте, өзүбүз дагы бул эрежени аткарышыбыз керек. Эгер анын көрүп жаткан нерселерин көзөмөлгө алууну кааласаңыз, анда балаңызга айтыңыз: "Мен ата-энелик көзөмөл функциясын күйгүзүп жатам, ошондуктан сен көрүп жаткан нерселерди мен да көрөм, анткени сенден кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү байкап жатам. Бул мени тынчсыздандырууда".
- Балаңызга анын телефонун алып, кат алышууларын окуганыңызды айтып коюу керекпи?
- Сиз балаңыздын чегин буздуңуз, анан ага бул тууралуу айттыңыз, анан андан эмнени күтөсүз? Мен бул ыкманы колдонууну такыр сунуштабайм. Ал эми, ушундай жагдай болгон болсо, кат алышууларын көрсөңүз, ал жерде өмүргө коркунучтуу нерсе жок болсо, аны көрбөгөндөй эле түр көрсөтүп койгонуңуз оң.
- Ата-энелер өспүрүмдөрдүн хоббилерин жана кызыкчылыктарын жакшыраак түшүнүүгө кандай стратегиялар жардам берет, ал тургай, ал кызыкчылыктары түшүнүксүз же өз каалоолорунан алыс көрүнсө да? Мисалы, өспүрүм ата-энеси түшүнбөгөн жаңы технологияларга кызыкса.
- Өспүрүм курак – баланын бир буту чоң жашоодо, бир буту балалыгында турган мезгил. Бул чоңдордун позициясы аркылуу өспүрүм менен бардык нерсе жөнүндө, чоңдордун тилинде сүйлөшө аласыз. Андан аябай берилип алып эмне кылып жатканын сураңыз. Эгер ал сизди киргизсе киргизет, киргизбесе сүрдүгүп кирбеңиз. Бир нерсени билип алыңыз, эгер бала менен өспүрүм курагына чейин ишенимдүү мамиле курбасаңыз, анда өспүрүм куракта кеч болуп калат.
Эгерде ата-эненин өспүрүм менен мамилеси ишенимдүү болбосо, аны психолог менен тааныштырып, ар дайым ага кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүүнү сунуштайм. Муну менен ал каалаган убакта психолог менен байланышып, ага бара алат. Ата-эне менен баланын ортосунда ишенимдүү мамиле болгон күндө да баланын жеке психологу болгону жакшы. Эмне үчүн? Анткени кээде өспүрүм бизге ишенбегенинен эмес, бизди коргоп жаткандыгынан улам бир нерселер жөнүндө айтпай жашырып коет. Өзүбүздү эстейличи. Кээ бир нерселерди ата-энебиз урушат деп корккондон эмес, ата-энебиздин психикасын коргогондуктан жашырып койчубуз. Психологго кайрылууну 13 жаштан баштап уюштурууга болот.
- Ата-энелерге эмне каалайт элеңиз?
- Ата-энелерге, тынчтанууну, ар дайым өзүңдөн баштоо керектигин унутпоону каалайм. Баланын чектерин бузбаңыз. Ошондо ал өзүн коопсуз сезет, сизге көбүрөөк ишенет. Ал эми жакшы кабар - өспүрүм курак баары бир бүтөт.