Ата-эне балдары менен сүйлөшүүнү баштоодон мурун, жыныстык тарбия боюнча билимин жаңыртып, бул өңүттөгү сүйлөшүүгө өздөрү кандай карай турганын түшүнүп алуусу зарыл.
Бул темага даярданып жатканда, бала айтылуу маселелер боюнча апасы менен атасына кайрыла аларын сезүүсүн каалаган ата-эне, материалдарды кылдат изилдеп чыгуулары керек. Кээ бир суроолорго ата-энелер биринчи кезекте өздөрү үчүн өздөрү жооп бериши зарыл. Алар жыныстык тарбия тууралуу кайдан билишкен? Ата-энелери же мугалимдери айтпаган маалыматты кандай форматта алууну каалашат? Деги эле бул тема боюнча бар болгон боштуктарды жабуу маанилүү.
Макулдук жана сексуалдык жашоонун кесепеттери тууралуу сүйлөшүү баланын пубертаттык кезинде башталышы керек. Баладан бул жөнүндө эмне биле турганын суроо зарыл. Ал билген маалыматтарын кайдан алган? Ата-эне бала менен анын деңгээлинде, башкача айтканда, ал түшүнө тургандай деңгээлде сүйлөшүшү керек. Ал эми ар кандай медициналык терминдерди колдонгон учурда, бала угат, бирок өз билгениндей жыйынтык чыгарат.
Анан, албетте, ата-энелер сүйлөп жатканда баласын, анын позициясын, темага болгон мамилесин угуп, коомдогу маданиятты, баалуулуктарды эске алуу менен балага өзүнүн конкреттүү позициясын түзүүгө жардам бериши керек.
Пубертаттык мезгил - жыныстык жетилүү жана бул процесске байланыштуу бардык нерселер жөнүндө сүйлөшүү үчүн оптималдуу убакыт. Өспүрүмдөргө биринчи кезекте алардын коопсуздугуна тиешелүү болгон маалыматтарды жеткирүү маанилүү (сексуалдык зомбулук деген эмне, бойго бүтүрбөө ыкмалары, кандай учурда бойго бүтүп калат, жыныстык жол менен жугуучу оорулар ж.б.). Эгерде бала бул жашка чыкканга чейин үй-бүлөдө айтылуу темага тыюу салынбай жана жайбаракат талкууланып келген болсо, анда бул биологиялык процесс жанан жашоонун бир бөлүгү экенин талкуулоо кыйынчылык жаратпайт.
Балаңыз жана өнөктөшү үчүн интимдик мамилелер коопсуз болушу керектиги, ага кандайча жетүүгө болорун жана кантип "жок" деп айтуу керектиги жөнүндө сүйлөшүү да маанилүү.
Жыныстык тарбия темасын талкуулоого ар дайым ата-эненин эмоционалдык реакциясы (алар сүйлөшүүдөн канчалык коркуп, уялары), баланын бул маалыматты алардан алууга канчалык кызыга тургандыгы таасир этет. Ата-энелерге тема боюнча өздөрүнүн билимине көбүрөөк таянуу сунушталат. Анткени өз баласын алардан жакшы эч ким билбейт, эч ким ага бул сыяктуу татаал жана маанилүү темаларды түшүнүктүү кылып айтып бербейт.