Экинчиден, машыгууга байланышкан максаттарды тактап алуу керек. Мисалы, согуш өнөрү өзүн-өзү сыйлоону бекемдөөгө жана теңтуштарынын арасында авторитетке ээ болууга, командалык спорт коммуникация көндүмдөрүн жакшыртууга жардам берет. Ошондой эле өспүрүмдүн темпераментин жана физикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу маанилүү. Анткени көптөгөн спорт түрлөрүнүн өзүнүн спецификалык өзгөчөлүктөрү бар, булар өспүрүмгө туура келбей, бала өзүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн. Жалпысынан алганда, эгерде профессионалдык спортту эске албасак, өспүрүмдүн кызыгуусу жана машыктыруучу компетенттүү болсо, анда баарына жетүү мүмкүн. Ошондуктан, чыныгы машыктыруучуну издөө керек. Бул жерде клубдун статусу, машыгуу шарты эмес, машыктыруучу негизги ролдо. Өз ишин чындап сүйгөн адам, башкаларды дагы кызыктыра билет. Анткени, машыктыруучу да өспүрүмдүн жашоосунда белгилүү бир авторитетке ээ болуп, керек болгон жерде ага жардам берет.
Ата-энелер өспүрүмдөр менен биргеликте, ал баштагысы келген ТОП 5 багыт тууралуу талкууласа болот. Алдын ала күтүлүшү мүмкүн болгон кыйынчылыктарды талкуулап алуу маанилүү. Биринчиден, тартипти сактоо, өзгөчө машыгуунун биринчи айында. Жалкоолук, залга барбай коюу каалоосу болорун, бул нормалдуу көрүнүш экенин эскертүү керек. Алар менен күрөшпөсө, эч кандай жыйынтык болбой турганын дагы айтуу зарыл. Биринчи айда машыгууну калтырбай барса, айдын аягында кандайдыр бир сыйлык болот деген келишимди сунуштаса болот. Бул этапта ата-энелердин моралдык жана эмоционалдык колдоосу да маанилүү. Айталы, ата-эне баласын машыгууга байланышкан бардык кыйынчылыктарды жеңгени үчүн мактап турса болот. Тааныштарга жана жакын адамдарга балаңыз менен канчалык сыймыктана турганыңызды айтуу маанилүү. Бул нерсе өспүрүмдүн көзүнчө болсо, абдан жакшы болот.
Машыгууда жашоодой эле жеңилүүлөр болорун, бирок бул баш тартып, баарын таштоо дегенди билдирбешин айтып туруу керек. Тескерисинче, бул кайра-кайра аракет кылуу зарыл дегенди билдирет, керек болгон учурда, мамиле менен стратегияны өзгөртүү талап кылынат. Бул жерде ата-эненин бала кезиндеги эскерүүлөрү да пайдалуу болот: алар кичинесинде ушул сыяктуу этаптарды кантип басып өтүшкөн дегендей.
Бул этапта ата-энелер кетирген негизги каталар:- Баланын эмне үчүн көңүлү келбей жатканынын себептерин түшүнбөй туруп машыгууга мажбурлоо. Күч колдонуу менен баланын спорт менен машыгууга болгон каалоосун түп-тамыры менен жокко чыгарасыз.
- Биринчи кыйынчылыктар башталганда эле, дароо баш тартууга, барбай эле коюсуна уруксат берүү. Эгер бул ыкманы колдонсоңуз, толтура секциялага алып барганыңыз менен жыйынтык дайыма бирдей болот.
- Өспүрүмгө бийик талаптарды коюу. Балаңыздын өзгөчөлүгүн эске албай, андан жеңиштерди жана жыйынтыктарды күтүү. Бул ата-эненин сүйүүсү баа менен байланышкан экенин билдирип, баланын андан аркы жашоосуна терс таасир тийгизет: өзүн-өзү төмөн баалоо, прокрастинация, невроздордун жана перфекционизмдин пайда болуусу.
Жалпысынан, ата-энелер үй-бүлөдө спорттук салттарды түзүүгө жана ишке ашырууга убакыт жана күч жумшашы керек. Чогуу чуркоого чыгуу, велосипед тебүү, сууда сүзүү, үйдө машыгуу – мунун баары үй-бүлө мүчөлөрүн жакындатып, бош убакытты сапаттуу жана пайдалуу өткөрүүгө жардам берет. Андыктан үй-бүлөдө туура салттарды калыптандыруу үчүн акчаны да, убактыңызды да аябаңыз. Бул өз кезегинде неберелериңиздин жана чөбөрөлөрүңүздүн дени сак жана бактылуу болушуна шарт түзөт.