"Өспүрүмдөр алардын физикалык жана психикалык абалы туура тамактануу жана сапаттуу уйкудан көз каранды экенин билиши керек. Өспүрүм курагында бала өз убактысын эффективдүү башкара билиши зарыл, бул нерсени ата-эне бала кезинен эле үйрөтүүсү абзел. Баланын жашоосу туруктуу күн тартибине ээ болушу керек. Ошондой эле ата-энелер өздөрүн туруктуу алып жүрүп, балага күчтүү жактарына адекваттуу баа берип, алсыз жактарын өнүктүрүүгө жардам бериши керек. Ошондо бала стресске туш болгондо ата-энесине гана эмес, өзүнө дагы таяна ала тургандай болот", - деп белгилейт адис.
Психологдун айтымында, өспүрүм куракта балдар ар кандай ийримдерге катышып, өздөрүн спортто сынап көрүшөт. Ата-энелер балдарынын хоббилерин жана кызыкчылыктарын түшүнүп, бөлүшүп, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүшү керек. Бала чөйрө ага ылайыктуу эмес экенин түшүнсө да, ата-энелер колдоо көрсөтүп, башка нерсени сынап көрүүнү сунушташы зарыл.
"Эгерде ата-энелер балага барып жаткан ийрими жардам берип, бирок убакыттын өтүшү менен ага болгон мотивациясы жоголгонун байкаса, бала менен ал ийримден алган пайдалар тууралуу талкууласа болот, мисалы, жаңы досторду тапты дегендей. Ал тургай, машыктыруучусу да стресс менен күрөшүүгө жардам бере алат. Бирок эч кандай шартта баланы бардык ийримлерге мажбурлап катыштырбоо керек", - деп эскерет адис.