Сүйүүгө кабылган өспүрүмдүн ата-энелери өзүн кандай алып жүрүшү керек?

Ата-энелер жактырган адамы менен мамилесин бузган өспүрүмгө кантип жардам бере алышат? Бул мезгилде эмнелерди такыр жасабоо керек? Балдар менен мамилелер жөнүндө кантип сүйлөшүү жана эмнелерди ар дайым түшүндүрүп туруу зарыл? Бул жана башка суроолорго психолог Лилия Мухтарова жооп берди.

Сүйүүгө кабылган өспүрүм менен кантип сүйлөшүп баштоо керек?

Лилия Мухтарованын айтымында, алгачкы сүйүү өспүрүм куракта пайда болбойт: бала 3-5-7 жашында деле бирөөнү жактырып калышы мүмкүн. Болгону өспүрүм куракта ашык болуу такыр башкача болот: эгерде кичинекей балдар үчүн сүйүү оюн форматында болсо, айталы, бала бакчадагы балдар үйлөнүү тоюн өткөрүшүп, өздөрүн күйөөсү менен аялы деп жарыялап ойношот, бул аракеттери көп деле тынчсызданууну пайда кылбайт. Ал эми өспүрүм куракта курулган мамиле олуттуураак, башкача болот.

"Эгер өспүрүм менен ата-эненин ортосунда ишенимдүү мамиле болсо, анда бала аларга өзүнүн сезимдери жөнүндө ачык айтып берет. Эгер өспүрүм куракка чейин ата-энеси баласы менен ишенимдүү мамиле кура албаса, анда баланын аларга ачылышы күмөндүү. Мындай учурда өспүрүмдү катуу суракка алып, жактырган адамы бар-жогун, ким менен жазышып жатканын сураган туура эмес. Ата-эне мындай аракети менен балага зыян гана келтириши мүмкүн. Жөн гана күтө туруңуз, байкай туруңуз", - деп кеңеш берет адис.
Эгерде, акыр аягы, ишенимдүү мамиле түзүлүп, бала кимдир бирөөнү жакшы көрөрүн айтса, анын сөздөрүнө олуттуу мамиле жасап, баланы куттукташ керек, анткени сүйүү сезими сонун сезим эмеспи.
Мындай десе болот: "Мен сени куттуктайм, бул сезимди сезип жатканыңа кубанычтамын, бул абдан сонун нерсе. Сен жактырган адамың менен кандай мамиледе болгонуңа карабастан, бул сезим башыңдан өтүп жатканынан ырахат алышың керек."

"Сүйүү" эмне экенин кантип түшүндүрсө болот?

Балада "сүйүү" деген түшүнүк өспүрүм куракка чейин эле болушу керек. Мисалы, үйлөнүү тою менен аяктаган жомоктордон. Ошол эле учурда сүйүүнү өзүнчө аспект катары белгилеп, анын тегерегинде чыңалуу жаратуунун кереги жок. Бул ошол эле учурда достук, бир туугандардын же ата-энелердин ортосундагы сүйүү сыяктуу.
маанилүү

Сүйүүнү жаман иш катары көрсөтүүнүн, ошол эле учурда аны сыр жана уят нерсе деп жаап-жашыруунун зарылчылыгы жок. Сүйүүнү нормалдуу катары кабыл алып, балага бул эң сонун сезим экенин айтуу керек.

Өспүрүм куракта ата-энелер балдары менен жыныстык тарбия жөнүндө сүйлөшө башташы зарыл, айталы, балдар кантип пайда болгону тууралуу түшүнүккө ээ болуп калышы керек.

Психолог ата-эне баладан анын мамилеси кандай өнүгүп жатканын, сезимдери жооптуубу, бир жерде окушса, мектептен тышкары жолугушабы, сурап турууну сунуштайт.

"Бала сизге бир айтып берип жатса - кызыкдар болуңуз, кеңеш сураса - кеңеш бериңиз, бирок тарбиялоочу эмес, досу катары. Мисалы, балаңыз сүйлөшкөн кызын кинотеатрга чакырам десе, муну нормалдуу деп эсептей турганыңызды айтып, бирок ал кыздын ата-энесинен уруксат сураса жакшы болорун, анткени алар тынчсызданбай, кызынын жанында жоопкерчиликтүү бала бар экенин түшүнүшөрүн кошумчалаңыз", - дейт Лилия Мухтарова.

Мындай жагдайларда бала көбүнчө абстрактуу эмес, конкреттүү нерселерди сурайт. Мисалы: сага кыз/жигит жагат, ага кантип түшүндүрсөм болот, сезимдеримди кантип айтсам болот.

"Эгер сураса кеңеш бериңиз. Эмне деп жооп берсе болорун билбей жатсаңыз, азыр жооп берүү кыйын болуп жатканын ачык айтыңыз, бирок бул тууралуу чогуу ойлонууну, же болбоду дегенде психологго кайрылууну сунуштасаңыз болот", - дейт эксперт.

Ошол эле учурда, кээ бир балдар ата-энесинин колдоосуна муктаж эмес экенин түшүнүү керек жана бул учурда аны таңуулаганга болбойт.
Ата-эне көрсөтө алчу негизги колдоо - бул баласынын сүйүп калганын кабыл алуу.

Кээде сүйүү жоопсуз болорун кантип түшүндүрүүгө болот?

"Балага анын сезимдери жоопсуз болушу мүмкүн экенин эскертип коюу зарыл. Ооба, ал үчүн бул нерсени угуу жагымсыз болот, бирок бул нормалдуу экенин, ал жактырган адам күнөөлүү эместигин, ага да, өзүнө да ачуулануунун кереги жоктугун, экөө тең жаман эмес экенин айтуу зарыл. Өспүрүмгө бул сезимдин өзүнөн ырахат алып, сүйүүгө жөндөмдүү экенине сүйүнүшү керектигин түшүндүрүш керек", - дейт адис.

Күтүүлөр акталбашы мүмкүн экенин кантип айтса болот?

Психологдун айтымында, балага ал сүйүүгө кабылганда, жактырган адамына анда жок сапаттарды ыйгарып коюушу мүмкүн экенин айтуу керек.
"Бул, балким, түшүндүрүү үчүн эң маанилүү нерсе болуп саналат. Бала анын эмнесин жактырарын айтып бере ала тургандай маектешүү керек. Бала кээ бир сапаттарын санап баштайт - боорукер, кайраттуу, күчтүү. Анан эмне үчүн, анын пикири боюнча, ал жактырган бул сапаттарга ээ деп суроо бериш керек.

Өспүрүмгө жактырган адамын көркөмдөп сүрөттөп бергенин нормалдуу көрүнүш экенин түшүндүрүүгө аракет кылуу керек, анткени буга чоңдор да дуушар болушат. Кандай куракта болбосун, биз кайсы бир типажка жармашып, андан ары аны өзүбүз көргөндөй сүрөттөйбүз. Адам сөзсүз түрдө биз таңуулаган сапаттарга ээ эмес экенин түшүндүрүү керек.

Эгер кайсы бир учурда бала бул андай эмес экенин түшүнсө, анда жактырган адамы бул үчүн күнөөлүү эмес экенин айтуу керек: аны алдаган жок, жөн гана чындык күтүүлөр менен дал келген жок. Ал өзү акталбаган үмүттөрдү курган. Мүмкүн болушунча адам кандай болсо ошондой мүнөздөгөнгө аракет кылып, баланы бир аз чындыкка кайтарып, объективдүү караганга үйрөтүү керек", - деп баса белгилейт Лилия Мухтарова.

Өспүрүмгө сезимдерин түшүнүүгө кантип жардам берсе болот?

Ата-энелер өспүрүм менен кээде адамдар башка эле бир сезимди сүйүү менен алмаштырып алышы мүмкүн экенин талкуулашы керек. Ооба, балким ал сүйүү болушу мүмкүн, балким, сүйүү эмес, балким, убактылуу сүйүү, каникулда жаралган сүйүүсү дегендей (пионер лагериндегидей - 20 күндүк).

Балага кээде чоң адамдар деле өз сезимдерин жакшы түшүнө албай турганын айтуу керек: сүйүү, ашыктык, байлануу же эйфория. Мындай деп түшүндүрсө болот: "Муну эч ким так билбейт, ошондуктан, жөн гана азыр жашаш керек, эгер ал сезим өтүп кетсе, эч ким күнөөлүү эмес. Эгер көңүлүң калса, анда ошондой болушу керек, мен ар дайым сенин жанында болом".

Жактыруу сезими жана биринчи уруш-талаштар. Бул тууралуу кантип сүйлөшүү керек?

Ошол эле учурда өспүрүмгө жеке чектер эмне экенин түшүндүрүү керек. Лилия Мухтарова жаштар арасында көп кездешкен бир мисал келтирди: "Мен ага кат жазам, бирок ал мага дароо жооп бербейт". Адис дал ушул нерсенин негизинде, чыр чыгышы мүмкүн экенин айтат. Бул учурда балага кат ошол себептен кат экенин, ага ыңгайы келгенде жооп бериле турганын, ал үчүн уруш чыгаруунун кереги жок экенин түшүндүрүү зарыл.
маанилүү

Өспүрүмгө мындай деп түшүндүрүңүз: сыйлоо жана өзүн-өзү сыйлоо - бул конструктивдүү диалогдорду куруу, жаңжал чыгарбоо, сезимдериңди көрсөтүү үчүн себептүү же себепсиз уруш баштабоо.

"Өзүн сыйлаган адам баарлашуунун бул форматына өтпөйт, адекваттуу, конструктивдүү бойдон калат, эч нерсе талап кылбайт, басым көрсөтпөйт жана ишенет деп түшүндүрүү керек. Бул заманбап коом үчүн өтө актуалдуу маселе", - деди Лилия Мухтарова.

Манипуляцияга кандай реакция жасоо керек?

Ата-энелер баласына өзү каалабаган нерсени өнөктөшү үчүн кылбашы керектигин түшүндүрүүшү керек. Мисалы, бала кызга жыныстык катнашты сунуштап, бул сүйүүнүн белгиси деп айтып, анын сезимдери менен ойной баштаса: "Эгер макул болбосоң, анда сен мени сүйбөйсүң" деп, кыз бул сүйүү эмес экенин түшүнүшү керек.

"Ата-эне мындай деши керек: "Сени сүйгөн адам эч качан сезимдериң менен манипуляция кылбайт. Сени сыйлаган адам ар дайым каалоолоруңду эске алат. Эгер ал өбүшүүнү талап кылса, бирок сен аны каалабасаң, анда ал сени сүйбөйт, жөн гана сени манипуляциялап жатканын түшүнүшүң керек. Кайсы бир сезимдер үчүн өзүңдү курмандыкка чалуунун кереги жок. "Эгер мени сүйсөң, анда мындай жасайсың" деген сөз айтылган жерде сүйүү жок, жөн гана сени пайдаланып жатат. Өзүңүз да мындай кылба жана өзүңүздү бирөөгө пайдаланууга жол бербе", - деп айтуу керек дейт Мухтарова.

Жоопсуз сүйүүдөн азап чегип жаткан балага кантип жардам берүү керек?

Эмоционалдык тобокелчиликтерден камсыздандыруу мүмкүн эмес: жоопсуз сезимдерди же көңүл калууларды ар кандай куракта баштан кечирүү өтө кыйын. Бул жерде кеп башкада, айталы, чоң адам башынан буларды өткөргөн, сабак алган, өспүрүм болсо биринчи жолу кабылып жатат.

Ата-энелер балдарына сезимдер жоопсуз болушу мүмкүн экенин, бирок мындан эч ким каза болуп калбаганын түшүндүрүшү керек. Мындай тажрыйба руханий сапаттарды бекемдейт жана өнүктүрөт. Ар бир адам муну башынан кечирет жана баласына кандай кыйын болсо, алар үчүн да ошондой эле кыйын экенин дагы айтуу зарыл.
маанилүү

"Мындай учурда балаңарга аны колдой турганыңарды, силер да ушундай учурга туш болгондугуңарды, бул канчалык оор жана азаптуу экенин билериңерди ачык айткыла", - деп кеңеш берет психолог.

Күтүлбөгөн кош бойлуулук жөнүндө да айтуу керек

Өспүрүмдөр кош бойлуулук күтүлүшү мүмкүн болгон мезгилге жеткенин, бирок организми бала көтөрүүгө жана төрөткө даяр эмес экенин түшүнүшү керек. Өспүрүмдөргө физикалык жактан да, моралдык жактан да, материалдык жактан да жетиле электигин айтуу зарыл. Алар үчүн азыр балалуу боло турган убак эмес.

Бул тууралуу эскертип, контрацепция тууралуу жана бала эмне кыларын билбесе, ар дайым ата-энесинен сураса болорун, алар жардам берерин ачык айтуу керек.

"Бирок бул нерсеге жеткирбегенге аракет кылуу керек, анткени бул учурда ажырашууну кыз менен баланын башынан ар башкача өткөрөт. Мындан уялуунун кереги жок, бул тууралуу тынымсыз сүйлөшүп туруу зарыл", - дейт Лилия Мухтарова.

Ата-энелер өспүрүмдөр арасында уулуу мамилелерди байкаса, эмне кылуу керек?

Мамиледе эмне жакшы болушу керек экенин түшүндүрүү керек. Эгерде бала мамиледе өзүн жаман сезсе, анда бул ден-соолукка зыян келтирүүчү, уулуу мамиле.

Мындай деп айта болот: "Эгер ар бир жолугушуудан кийин түнү бою ыйласаң, анда бул кубанычтын ордуна көз жаш алып келген эмне деген мамиле".

Бул жерде "аны ташта" деп кесе айтуу кереги жок, түшүндүрүү зарыл: "Эгерде бул мамиле сага жакса, анда бул сенин тандооң. Кааласаң ыйла, көйгөй жок, бирок мен ар дайым жаныңда болом".

Психолог ата-энелерге балдарына "курмандык менен абьюзер" деген мамилелердин үлгүлөрү жөнүндө окууга кандайдыр бир материал берүүнү сунуштайт. Балким, бала ал каармандардын ичинен өзүн таанып, жыйынтык чыгарат. Ошондой эле психологго чогуу барып, уулуу мамилелер жөнүндө сүйлөшсө болот.
Эң негизгиси баланын сезимин жокко чыгарып, ал болбосо, башка дагы жүздөй адам жолуктурарын айтпаш керек. Бул ата-эне жасай турган эң туура эмес нерсе.
"Өспүрүмгө анын азыр кыйналып жатканын түшүнүп турганыңызды, бул азаптар да өтүп кетерин айтышыңыз керек. Ага кантип жардам бере аларыңызды, анын азабын жеңилдетүү үчүн эмне кыла аларыңызды сураңыз.

Балаңызды эмне алаксыта аларын жакшы билесиз. Мындай деңиз: "Ар нерсеге убакыт талап кылынат, баары өтүп, кыйналбай калганыңда, бул нерсени тажрыйбага айландырып, сабак катары кабыл алып, кандай адамдар менен мамиле түзбөшүңүз керектигин үйрөнүшүңүз керек. Кандай гана стресс болбосун. каталарды кайталабоо үчүн сабак алууга мүмкүнчүлүк".

Бала менен ишенимдүү мамиле жол болсо эмне кылуу керек?

Ата-эне менен баланын ортосунда ишенимдүү мамиле болбогон учурлар кездешет. Бирок алар баласы менен бир нерсе болуп жатканын көрүшөт. Мындай учурда психолог менен жолугушууну уюштуруп, баланы психологго жалгыз калтырып кетүү керек, бирок андан кийин эмне болгонун билүү үчүн психологдун өзүн (баары бир ал айтпайт, бул кесиптик этика) жана баланы кыйнап суракка албаш керек.

Жардам көрсөтүштү, натыйжасы бар экенин көрдүңүз, болду жетет. Балага бул сыяктуу жардам керек болсо, ал сизге айтып коюушу керектигин эскертип коюңуз, болду.

Бирок ата-эне менен баланын ортосунда ишенимдүү мамиле болгон учурда дагы психологдун жардамы да керек болушу мүмкүн. Кээде өспүрүм ата-энесинен корккондуктан же ага ишенбегендиктен эмес, аны ашыкча тынчсызданууну жана кабатыр кылуунуу каалабагандыктан, ата-энесине бир нерсе айткысы келбеши мүмкүн. Бул жагдайда адиске кайрылса болот. "Балага купуялуулуктун эрежелерин биле турганыңызды жана аларды бузбай турганыңызды түшүндүрүшүңүз керек", - дейт Лилия Мухтарова.

Ден соолук? Социалдык тармактарда бөлүшүү: